"Провокаторлорго жетеленбей, өлкөнүн тынчыгы менен биримдүүлүгүн биринчи орунга койгула", - деп кайрылды президент Жээнбеков парламент жыйынында саясатчыларга. 

 

"Коомчулукка каршылык отун жагууга ынтызар күч бар. Биз баарыбыз бир биримдикке айланып, бир эл, бир мамлекет экенибизди унутпай, күчүбүздү бир багытка бурушубуз керек. Улутубуз, тилибиз, динибиз, туулган жерибиз жана саясий көз карашыбыздын ар башка экенине карабай, мен кыргызстандыкмын деген жарандык ураан менен жашашыбыз зарыл", - деп белгиледи президент.