- Жантөрө Сатыбалдиевдин, Кулматовдун, Исаков, Артыкбаевдин камакка алынышы коррупция менен күрөш чындап жүрүп жатканынан кабар береби же Атамбаевге тузак салуу аракетиби?
- Бийликтин бул кадамдарын чын эле чечкиндүү кадам деп сыпатташыбыз керек. Ушулар катышкан коррупциялык иштерге анализ берип отуруп, “чын эле ушунчалык дагы уятсыздыка барыштыбы?”- деп бир туруп ишенип, кайра ишенбей кетесиң. Булар чындыгында “күн көрбөгөн күндүзү чырак жагат” болушуп мындай бекер байлыктарга жеткенден кийин “көөдөнү тойбогондун көзү тойбойт” дегендей атаандашып, акча сугунушкандары ачыкка чыгып калды. Албетте мындай оркойгон шибегелерди элдин көз жаздымынан билгизбей катып калуу эч мүмкүн болбой калды. Мурун бул коррупцинерлерди “ач көздүк” өзүнүн сормо сазына кандай соруп кетсе, эми булар ошол сормо сазга, өзүлөрү бирин-бирин тартынбай сүйрөп барып, бири бирин тыгып жатышат. Бул дагы чети, эми дагы далай былыктар ачыка чыгат деп ишенем. Албетте, мындай жагдайда бул коррупционерлердин негизги “дирижеру” болгон Атамбаев четте калышы эч мүмкүн эмес. Ошондукта эртеби кечпи кимиси болсо да эл ырыскысын эпсиз жегендер эл алдында жооп бериши керек. Ошондуктан биз азыркы ажонун мындан ары дагы чечкиндуу болушуна тилектеш болоор элек.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. Kg” гезити