Айрым гезит беттеринде Икрам Илмияновдун жакында камалары, бирок ал мунун алдын алып АКШга качып кеткени тууралуу уу-дуу кептер чыгууда. Баарынан да Кыргызстанга кайтып келерин, “Алмаз Шаршенович Сокени мураскер кылуу планынан айнып: “бул жарабайт!” - деп башка талапкерге ставка жасай баштаганда мен шефти токтотуп, кайра Сокеге ставка жасоого көндүргөм. Ошондо мен болбосом, Соке эч качан президент болбойт болчу”,- деп кай бир жерде айтканын да жазышты. Мына ушул кептердин тегерегинде Икрамжан Илмияновго байланышка чыгып, суроолорбузга жооп алдык.

 

- Икрам мырза, кийинки учурларда дайыныңыз билинбей кетип, маалымат булактары түрдүү кептерди таратууда. Сизди “Америкага чыгып кетти” деген да кабар болду. Ал жактан келдиңизби?

 

- Жок, мен Америкага барган жокмун. 30 күндүк Рамазан айында кичи Умрага барып Мекке-Мединада зыярат кылып жүрүп эми гана Кыргызстанга келдим.

 

- Анда “АКШга барам” деген планыңыз барбы?

 

- Жок, андай планымда жок. Учурда Орусияга барууну көздөп жатам. Анткени 2 жылга жакын мурун апама ошол жактан операция жасалган. Учурда апамдын илдети күчөгөнү байкалууда. Ошондон улам кайра Орусиядагы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, дарылануусун улантышы зарыл. Ошондуктан, азыр ал жакка апамды алып барып,жанында болууну пландап жатам.

 

- Сиз саясаттасызбы же андан кеттинизби?

 

- Жок, мен буга чейин да саясатта болгон эмесмин. Ал эми мамлекеттик кызматтан өз ыктыярым менен баш тарткамын. Азыр өзүмдүн жеке жумуштарым менен эле алек болуп жүрөм.

 

- Сизди Сооронбай Жээнбековдун талапкердигин “мен көрсөткөмүн”,- деп мактанып жүрөт деген да маалыматтар чыкты. Буга эмне дейсиз?

 

- Эч кандай “Жээнбековдун талапкердигин мен сунуштадым”- деп мактанган эмесмин. Бул кимдир бирөөлөрдүн өз кызыкчылыктары үчүнчыгарган жалган сөздөрү. Эгер ал сөздү уккан адам болсо аты-жөнүн ачыктап, элге тастыктап берсин. Бирок президенттик шайлоодо көптөгөн кыргызстандыктар сыяктуу анын талапкерин колдогом, ал тургай штабында да иштегенимди жашырбайм.

 

- Негизи сиз Орусиядан кайра кайтып келесизби ?

 

- Албетте, сөзсүз Кыргызстаныма келем.

 

- Суроолорубузга убакыт бөлүп, жооп бергениңиз үчүн чоң рахмат. Жараткан апаңызга шыпаа берип тезинен сакайып кетсин жана Умрадагы каалоо-тилектериңизди кабыл кылсын!

 

Маектешкен Каныбек Темиров