Сыягы, президент С.Жээнбековдун “Коррупцияга каршы күрөшүүдө досума, туугандарыма да карабаймын”,- дегени чын окшойт. Анткени ал өзүн тактыга отургузган эски бийликтин коррупцияга кокосунан малынган үлкөн чиновниктеринин дээрлик баардыгын (экс-президент А.Атамбаев менен анын шоопуру И.Илмияновдон башкаларын) темир тордун артына отургузуп бүттү. Бирок коомчулук Акаев менен Бакиев доорунун “кризис менеджери”, эл арасында “мистер 10%” деген ылакап аты бар экс-министр, экс-премьер-министр Ж.Сатыбалдиевдин камаларына ишенген эмес болчу. Бирок, “сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” бул “Өлбөс Кащей” да 18-июнда УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Албетте, Жантөрө мырзанын чуулгандуу “кылым кылмышына” тиешеси бар же жок экендигин тергөө аныктайт. Ага Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча айып тагылууда. Ооба, бизде миллиондорду жеп-ичип, чет өлкөгө качып кетип, кайра изи сууган соң же бийлик алмашканда эч нерсени билмексен болуп, кайра келген коррупционерлерден жалкып калган эл алгач алардын кармалганына эле сүйүнүп аткан. Бирок акыркы кезде жөн эле камабастан, жеген-ичкенин кустурууну талап кылышууда. Президент тарабынан бул боюнча атайын фонд деги ачылды. Ошондой эле дүйнөлүк практика да бар. Мисалы, жакында кайра бийликке келген Малайзиянын президенти М.Мохаммад 5 күндө 50 миллиард долларды ордуна койду. Ал эми Тажикстанда коррупция боюнча айып тагылгандар эгер абакка олтургусу келишпесе, күнүнө 22 доллар мамлекетке төлөшөт. Деги Эгемендүүлүк жылдарынан бери аттан түшпөй келаткан Ж.Сатыбалдиевдин байлыгы канча болду экен? Билгендер А.Шадиевдикинен кем эмес дешет...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №23 (360), 20-июнь, 2018-ж.