- Атамбаев санаалаштары камакка алынганда өз билдирүүсү менен чыгып, стратегиялык обьекттер боюнча баардык маанилүү чечимдерди өзү кабыл алгандыгын толугу менен мойнуна алды. Ошону менен ал бийликти узурпациялап алгандыгын билдирди. Мунун өзү кылмыш. Эми Баш прокуратура кылмыш ишин козгошу керек. Андан сырткары Атамбаев бир канча жолу “Кыргызстандагы эки революцияны мен кылганмын” деп мойнуна алган. Эгер кааласа үчүнчүсүн да жасап коёорун айткан. Анын үстунө коомчулукта экс-президент күзүндө башаламандык уюштурганы жаткандыгы тууралуу кеп болуп жатат.

 

 


Чынайым Кутманалиева, «Майдан. кg» гезити