- Атамбаев бул кайрылуусу менен Сапар Исаков баштаган өнөктөштөрүн колдоого аракет жасады. Булардын камалышында алардын мамлекеттин казынасына тийгизген зыяны жана алынган кредиттердин максатсыз пайдаланышына жол бергендиги чоң кедергисин тийгизүүдө. Ошол эле “Райым-миллионду” убагында Атамбаев кызматка өзү коюп, аны өз кызыкчылыгына пайдаланып, анан кереги жок болуп калганда ыргытып салганын  унутпашы керек. Райымбек Матраимов менен азыркы президенттин эч кандай достук же туугандык байланыштары жок экендигин коомчулук билет. Башкасын айтпаганда да Сапар Исаков менен Кулматовдун камалышын жалпы эл колдоп, президенттин бул саясатына ыраазы болуп жатышат. Айрыкча Кулматов мурдагы бийликтин эрке баласы болуп тайраңдап жүргөнүн элдин баары алты жыл бою көрүп турду. Атамбаев Жээнбековго бут тоспой, бул күрөштө көмөк көрсөтүшү керек.

 

 

 

Чынайым Кутманалиева,  «Майдан. кg» гезити