Кечээ Жогорку соттун судьялары Каныбек Бокоев, Арзыбек Акыев жана Болотбек Акматов курамына кирген коллегиясы экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча өкүм чыгарып, Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырды.

 

Эске салсак, Салянова “2010-жылы юстиция министри кезинде Бакиевдердин жакыны Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан” деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт. Аида айым соттун чечимин “адилетсиз” деп баалап, президент Сооронбай Жээнбековдун сот реформасы боюнча убадаларын куру сөз катары мүнөздөдү. “Соттор президенттин сөзүнө, коомчулуктун сынына эч кандай реакция кылган жок. Же болбосо президенттин айткан сөздөрү жөн эле сөз. Эч бир реалдуулукка тиешеси жок жөн эле сөз. Ушул сөздөрдөн соң реалдуу иштер болот деп ойлогом”,- дейт ал.

 

Бирок, коомчулукта Аида Саляновага карата чыгарылган Жогорку соттун чечимин кубаттаган да катмар бар. Анткени, кечээ күнү башкы прокурор болуп турганда дал ушул Салянова бийликтеги президент Атамбаевдин, партиялаш боссу Текебаевдин буйругу менен саясий куугунтукту көркүнө чыгарганын кантип унутуп болот? Эч кандай мыйзамды көзгө илбестен, жалган жалаа менен кыргыздын мыкты мекенчил уулдарын Атамбаев бийлигине сындырып бергенин ал өзү эстен чыгарган менен, калың эл билет. Иш жүзүндө, Салянова да, Текебаев да өздөрү түзгөн системанын курмандыыг болуп олтурушат. Таба эмес, тобо дейли, азыр алар “мыйзамсыздык” деген нерсенин баарын өздөрү убагында К.Ташиевге, Н.Түлеевге, С.Жапаровго, Т.Мамытовго, Н.Сулаймановго, М.Мырзакматовго, А.Келдибековго каршы жасашпады беле! Мына ошол кездеги мыйзамсыз кабыл алган чечимдери үчүн да Салянова жооп бериши керек эле, эмнеге ага эмгиче көңүл бурбай жатышат, түшүнүксүз. А кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн кантип чыгарылганын, ага Салянова кантип адвокат болгонучу? Айтор, айта берсе сөз көп.

 

Салянова Елисеевдин авдокаттык лицензиясын узартып берүү менен, экс-канзаадага өз мүлктөрүн революциядан кийин мыйзамдаштырып алууга шарт түзүп берген. Ошондуктан, судьялар Каныбек Бокоев, Арзыбек Акыев жана Болотбек Акматов эң калыс, адилет, туура чечим чыгарышты. Кудай бар экен, ал баарына тараза: эгерде сен башка бир адамга жаман иш кылсаң, ал үчүн Алла Тааланын жазасы бар! Ошондуктан, Салянованы Жээнбеков же Атамбаев эмес, Кудай жазалап жатат....

 

Ариет Карымов

(Эл.дарекке келген каттан)