- Качкынбек мырза, Бишкек ЖЭБдеги коррупция ачыкка чыккандан бери парламентте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин да көтөрүлө баштады. Эмне үчүн Атамбаевге байланышкан чуулгандуу кылмыш иштери ачыкка чыга баштады?
- Чындыгында, мурунку президенттин атына байланышкан чуулгандуу кылмыш иштердин ачыкка чыгышына Атамбаев өзү себепкер болду. Анткени, Атамбаев Сооронбай Жээнбековду “толук кандуу башкарып алам”- деп ишенип жүргөн. Иш жүзүндө Сооронбай Жээнбеков президенттик мандатты алгандан кийин досчулук мамилени бузбайын деп Атамбаевге “Акшумкар” орденин ыйгарып, досунун ыразычылыгын алды. Бирок, Атамбаев бардык ишке кирише берип, кадыр-баркын кетирип алды. Сый-урматты, ага жасалып жаткан аяр мамилени билбей, зөөкүрлүгүн көргөзүп, резиденцияга үй сала койду. Ал үй да чуу жаратты. КСДПнын курултайын өткөрө коём деп дагы араң жармашып турган жараканы кеңейтти, жараны ырбатты. Ал турсун Атамбаев пас деңгээлге түшүп, президенттин дарегине сын айтып, коомчулуктун кыжырын кайнатып, өзү жек көрүндү. Мына ушуга окшогон кадамдары менен Атамбаевдин маскасы сыйрылып, элге ачык жүзү көрүндү. Эми мезгили келгенде Атамбаев акыры чуулганду көзөмөлсүз иштери боюнча сот жообуна тартылат. Эгер Сооронбай Жээнбеков Атамбаевди жөн койсо, анда өзү коомчулуктун сынын калат. Ошондуктан Атамбаевди кол тийбестигин алып салып, бийлигин кыянаттык менен пайдаланганын далилдеп, кылган иштери үчүн жоопкерчиликке тартыш керек. Башкача айтканда, Сооронбай Жээнбеков “дос-тууганга карабайм, элим үчүн кызмат кылам”- деген сөздү иш менен көрсөтүшү шарт. Анткени, элдин баары мына ошол сөздүн ишке ашышын күтүп жатат.
-Бирок, кызматтан түшүп, ооматы кеткен Сапар Исаков Атамбаевдин коррупциялык иштерге аралашпай таза иштегенин айтты го?
- Атамбаевдин доорунда коррупциялык схемалар иштебесе элдин оозун ачырган иштер кайдан чыкмак эле. Мен билгени Сапар да ошол системада кызмат кылган. Эгер Атамбаевдин саясатына, коррупциялык схемаларына каршы чыкканда ишинде бир да күн турмак эмес. Аны заматта эле тээп чыгып коюшмак. Ал коррупциялык схемаларды ишке ашышына кол-кабыш кылган үчүн кызматтык тепкичтерди басып, өкмөт башчысы болду. Жакында Сапар Исаковдун Тогуз-Тородогу нааразычылык акциянын башында турганы ачыкка чыгат деп күтүп жатам. Кыскасы, өкмөт башчы болуп туруп, алтын концентратты тышка чыгарганга жеке кызыкчылыгы бар экени далилденет. Азыр УКМКга суракка барып, суралып жатканына жаны кейип, саясый куугунтук деп жар салып, кимдир бирөөлөрдөн колдоо издеп жатат. Чынында Сапар Исаковду эчак эле камакка алыш керек болчу. Күч органдары былык иштерин билсе да, “дагы эмне болуп кетет, соодалашышабы?”- деп кылчактабай, Сапар да чалган чалмакейлерине жооп берчү күн келди.
- Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин кадрларына аёсуз күрөш баштап, экс-ажонун убалына калган жокпу?
- Негизи Сооронбай Жээнбеков азырынча эң туура иштерди кылып жатат, Атамбаевдин кадрлардан ажырабаса, анын кесепети өзүнө тийип калмак. Анын үстүнө Кулматовго окшогон, чала сабат жетекчи катары таанылгандар анын бетине көө шыбамак. Ошон үчүн гумандуулукту ичип-жеп, мамлекетти сыга отургузган Атамбаевдин кадрларына эмес, башкаларга көрсөтүшү керек. Буларды аёсуз жазалап, кызматтан алып эле тим болбой, иштерине юридикалык баа берип, жоопкерчиликке тарта билсе, жаңы замандын, жаңы доордун келгенин далилдейт.
- Бирок, Атамбаевдин кадрлары өз эрки менен кызматтан кетти дешкени менен ары жакка барып эле саясаттын курмандыгы болуп жатышканын айтышып жатат го?
- Негизи Кулматовду кызматтан туура эле алды. Ал Атамбаевдин доорунда болушунча күүлдөдү. Кызматтык секириктерди болуп көрбөгөндөй жасады. Азыр Кулматовдун атына байланышкан чуулганду коррупциялык иштерди да ачыкка чыгарып, аны да жоопко тартыш керек.
- Отставканын кезеги кимге келди?
- Менимче, отставканын кезеги мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Тулебердиев Ренатка келди. Бул эргул дагы өз билемдикке салып коррупцияга малынып жүрөт. Ошондой эле Кыргызстандын Азирети Муфтийи дагы жылдан жылга апетити ачылып, ажылыктан акча жасап, Алланы унутуп, жалаң жашыл акчаларга көмүлүп жүрөт. Мына ушуларды да президент эске алышы керек.
- Баса, саясый туткундарды бошотуу маселеси көтөрүлүп, президентке коңгуроо кагыла баштады. Андай кадамды жасоого президенттин эрки жетеби?
- Саясый туткундарды түрмөгө кармабай, бошотушун коомчулук чыны менен күтүп жатат. Бул кадамга Сооронбай Жээнбеков барышы абзел, болбосо бир заматта кадыр-баркын жоготуп коюшу мүмкүн. Саясый туткундардын бир дагы күнөөсү жок. Алар Атамбаевдин буюртмасы менен камалган. Аларга мунапыстын кереги жок. Актап чыгарыш керек. Ошондуктан, Сооронбай Шарипович бул ишке кылдаттык менен мамиле кылып, саясый туткундардын эркиндикке чыгышына жол ачышы керек. Ошондой эле мамлекеттик кызматта отуруп, уурулук менен алек болгондордун тизгинин тартып, жегендерин кустурушу керек. Болбосо, адилеттик өкүм сүрбөй калат.
Ч.Кутманалиева
Булак: “Майдан.kg”