Албетте, кандай айып коюлуп атканы боюнча бизде толук кандуу маалымат жок.

 

Атургай УКМК да сыр катары сактап, расмий кабар бербей койду. Жалаа менен бирөө арыз жазганбы, же кимдир бирөөнүн куйругун басып алганбы? Айтор, азырынча белгисиз.

 

А биз билген Рустам мырза кандай эле? Бирөөгө жамандык кылмак турсун, кумурсканын буту сынса да кейичү.

 

Негизинен Маманов идеяга бай, эл үчүн кызмат кылууга дилгир болуп, бир топ жакшы иштердин өтөөсүнө чыккан.

 

Тарых, маданиятыбыздын өнүгүшү үчүн үлкөн иштерге демөөрчү болуп, бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган. Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасын иштеп чыгууга жан үрөп, окуучулардын бир түстө кийинүүсүнө, теңдүүлүктүн сакталышына салым кошкон.

 

А болбосо, байлардын же чоңдордун балдары кымбат баалуу кийинип жүрүшсө, кедей-кембагалдардын чөнтөгү кантет эле? Окуучулар арасында психологиялык кагылыш жаральш, көпчүлүк өспүрүмдөр сабакка көңүл койбой эле шактары сынып калышмак да. Түпкүлүгүндө Рустам мырза элибиздин келечегин ойлоп, патриоттук демилгелер менен алектенип жүрчү. Анан эмне болуп түрмөгө түшүп калды? Албетте, биз үчүн өкүнүчтүү!

 

Булак: "АЗИЯньюс" гезити