- Исаков “саясый куугунтук” башталганын жар салды. Чындап эле бүгүн Атамбаевдин кадрлары саясаттын курмандыгы болуп жатабы?

 

Сонунбүбү Кадырова, ырчы, журналист:

 

“Сапар системанын курмандыгы болду”

 

- Мына ушул көрүнүштөрдөн кийин жаштар арыдан бери болуп, мансапка бети менен түшпөй акыл токтотуп, ар жак, бер жагын карап иш кылышы керек. Анткени, саясат деген саясат. Ал башынан сылап жөн эле эркелетип май көл, сүт көл жашоого алып келип отургузуп коёт деген иллюзиядан алыс болуу керек. Жаштардын акылы болсо билимин бышыктап, биздин өлкөнү чырмооктой чырмап турган системаны өзгөртүп, мекенине кулдай иштөөгө багыт алып келүүсү керек. Система өзгөрмөйүн ушинтип улам бирин-бири жыгам деп, ит жыгылыш болуп, кайра бири-биринен өч алуу максатында куугунтук кылуу токтобойт. Сапар дагы системанын курмандыгы болду. Исаковду өз атасындай ишенген жанындагы саясатчылар эле пайдаланып койду десем да болот. Баарын жинди кылып чычканды ары-бери тоголотуп ойногон мышыктай жылмайып отургандар бар.

 

Рита Карасартова, укук коргоочу:

 

“Саясый куугунтук жакында башталат”

 

- Азыр саясый куугунтук баштала элек. Жакында башталат. Анткени элдин баары өзгөрүүлөрдү күтүп жатышат. Өзгөртө турган  азыркы бийликтин планы жок. Ошондуктан элдин алдына “муну камадык, тигини камадык” деп чыга беришет. Атамбаев күлүп ошондой ишти жылдырган. Көч уланат. Атамбаев кудум ушундай ишти жылдырган.

 

Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер:

 

“Муну ашкере саясатташтырыштын кажети жок”

 

- Кимге болбосун адилет мамиле болуусу шарт. Күнөөлүү болсо ким болсо да кызматына карабай мыйзам алдында жазасын алышы керек. С.Исаковдун күнөөлөрү далилденсе, жеп-ичкенин казынага кайтарып, өзүн камакка алуу - мыйзамдын талабы. Эгер актыгын далилдей алса, жоопкерчиликтен кутулат. Муну ашкере саясатташтырыштын кажети жок.

 

Мукар Чолпонбаев, экс-депутат:

 

“Атамбаевдин Кыргызстанга тийгизген көлөкөсү”

 

- Бул суроого “Атамбаевдин Кыргызстандын үстүндөгү карааны” деген китепти окусаңар  эле тийиштүү жоопту аласыңар. Кыргыз тилинде силердин гезитке жарыяланып жатканын уктум, орус тилиндегиси интернетке жарыяланыптыр.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити