2011-жылы Феликс Куловдун кеңсесинде Марат Султанов, Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Суваналиев, Дүйшөн Чотонов баштаган 15тей саясатчынын көзүнчө Атамбаевдин бир кездеги досу, БШК мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун: “Мен профессионал врач катары расмий билдирем, Кыргызстандын бийлигинде эки шизофреник бар. Бири - Алмазбек Атамбаев” - дегенин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялаган, интернетте азыр деле бар.

 

“Анысы эмне болду экен?”- деп “Словарь иностранных слов” дегенди карасак; “шизофрения - тяжелое психическое заболевание, имеющее многообразное проявления (бред, галлюцинации, нервно-психическое возбуждение и пр.) и ведущее без своевременного лечения к нарушению психической деятельности, изчезновению индивидуальных черт личности, ухудшению приспособляемости к трудовым и социальным условиям, потере трудоспособности и т.д.” - деп жүрөт.       

 

Тилекке каршы, мында айтылгандардын белгилери чын эле экс-президентте бар экендиги эч кимге жашыруун эмес. Ал бир нерседен улам ачууланып кетсе, уят-сыйыт, этика дегенди унутуп оозуна эмне келсе, ошону айта берет. Жалпак тилге салып айтканда, базарда отурган ажаандардан бетер оозуна келгендерди оттоп кетет. Саясий оппоненттерин жадатма бокочого айландырып алып, фантазиясы жеткен жаман нерселерге салыштырып, боктой бергенден жадабайт, тескерисинче андан ырахат алат. Андай сөздөр конкреттүү шартка, жагдайга ылайык келеби, келбейби, аны менен таптакыр иши жок. Ага мисал катарында БУУнун трибунасында оппоненттерин каргап-шилегендигин, Индиялык элитанын алдында өзүнүн кантип “Мерседеске” ээ болуп, кантип байыгандыгын айтып мактангандыгын көрсөтүүгө болот. Чындыгында эле айрымдарынын Кыргызстандын он жылдык бюджетине барабар байлыгы, менчик “Боингдери” бар дүйнөгө белгилүү ишкерлер отурган жерде Соң-Көлдүн же Суусамырдын бир бурчундагы малчы-чабандардын ботала балдарынын арасында жүргөнсүп “Мерседеси” менен мактануу аябагандай уят, мамлекет башчысы үчүн шермендечилик көрүнүш.

 

Экс-президенттин эч качан эмгекчилдиги жагынан айырмалана албагандыгы да чындык. Ал жумасына 1-2 жолу Акүйдөгү жумуш ордуна келсе, түштөн кийинки 3-4кө чейин араң чыдап отуруп, анан дачасына кетип калчу. Элде “президент бар экен”- деген пикирди жаратуу үчүн “кээде анын кортежи АШАсыз деле Акүйгө келип кете берет” деп да айтышчу. АША 6 жылдын ичинде 25-26 жолу отпускага чыкты, ал эми ачкыл-кычкылдардан улам эс алгандарын кошкондо, “эмгектик өргүүлөрү” 50гө жакындады окшойт. Анан кантип биз АШАны эл үчүн, мамлекет үчүн иштеди деп айта алабыз?

 

Ал эми бийик трибуналарда оозунан чыккан сөздөр төмөндөгүлөр:

 

“Ысык-Көлдүн эркектеринен уйлар жакшы”, “бандиттер”, “Таластын эли- эл деле эмес”, “Нарындыктар Нарындын суусун булгоодо”, “дурачок”, “манкурттар”, “сасык саясатчылар”, “эл бузарлар, аларды ташка алып кууш керек”, “Сасыган партия (Ата-Мекен)”, “мародёр, мародёр акесин коргоп...”, “клеветники”, “моральные уроды”, “пророк Мухаммед сравнивал их с каннибалами, едящий трупы своих братьев и сестёр”, “сплетник”, “ою жаман коноктор”, “элин жамандап жан баккандар”, “журналист сөрөйлөр”, “кыргыз тилин билбеген манкурттар”, “покачал головой в животе”, “куркулдаган кузгундар”, “эл бузарлар”. “Они не Баткенские, даже не киргизские”, “жугундукорлор”, “бирок Фаина Раневская айткандай “ар ким өз көчүгүн каалагандай пайдаланганга акысы бар” да”. “Чынын айтканда айрымасы кайсы, баардык эле павлиндин куйругунун астында баягы эле тешик да”, “Бок саясатчылар 7 жылдан бери канымды ичип, нервимди жеп келатышат”, “Свинья грязь всегда найдет”.

 

“Как вы можете верить вонючим политикам? Конечно, завтра и они, как представители одной вонючей партии, подадут в суд: якобы нас «вонючим» назвали. Я поясню манкуртам, не знающим родной язык. Кто душится духами от Шанель и Диор, но был замешан в низких делах, таких кыргызы и называют вонючими политиками. Конечно, если вонючий политик руководит партией, то как ее назвать, кроме как “вонючей”?”.

 

“У нас столько дерьма среди политиков и журналистов, и это плохо для страны”. “Все это политическое дерьмо, которому абсолютно недорога наша страна”.

 

 “Таластыктар Абыке Көбөштүн тукумдары”, “Эгер силер Бабановду 70% колдосоңор анда Кыргызстандан бөлүнүп эле Казакстанга кошулуп кеткиле!”.

 

Биз бул жерде убакытты үнөмдөө үчүн бийик трибуналарда анын оозунан чыккандардын айрымдарын гана келтирдик.

 

АША бирөөлөр менен канчалык тез достошсо, ошончолук тез касташат. Анын адамдарга карата сезимдери жаздын күнүндөй эле өзгөрүп турат. Курманбек Бакиев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Субаналиев, Дүйшөн Чотонов, Бектур Асанов, Жусуп Жээнбеков ж.б. бир убакта анын кыйышкыс адамдарынан болгон. Алсак, Азимбек Бекназаров менен бир эмес, эки ирет (Арашанда, Аксыда) көкүрөктөрүн тийгизишип, кандарын жалашып достошкон. Бирок А.Бекназаров аны сындай баштаганда “ушуну Ош тарапта жүргөндө шлепнуть ( атып дегени) этип таштабайсыңарбы, Бакиевдерге шылтап коёт элек” дегени убагында ЖМКларга жарыяланган. Ал эми калган достору менен мамилелери кандай болгондугун биз айтпасак деле жакшы билесиздер.

 

Эртедир-кечтир АША азыркы досторун да аркаларына тээп (ага чейин качып кетишпесе), боктоп “Форумунан” кууп чыгып, аларды да каргап-шилегенге өтөт. Айрымдарын “шлепнуть” этип салгыла деши да мүмкүн. Бул анын Т.Абдраимов айткандай себепке байланышкан мүнөзү, кыялы, жашоо образы. Аны эч ким өзгөртө албайт.

 

Өткөн жылдын экинчи жарымында Казакстандын айрым ЖМКлары АШАнын президент убагында мезгил-мезгили менен Түркиянын бир аскердик госпиталына барып, психикалык жактан дарыланып жүргөндүгүн жазышкан. Азыр анда персоналдуу учак менен каалаган жерине барып, дарыланганга мүмкүнчүлүк жок. Кокус дарты ашынып кетсе эмне болот? Ал мамлекеттик көйгөйгө айланып, “ушундай адамды алты жыл президент кылып жүргөн бу элдин малдан айырмасы деле жок” дедиртип, дүйнө жүзүнө шермендебиз чыкпас бекен, ыя?

 

Булак: “Назар News”