Жакында Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев президент С.Жээнбековго кайрылуу жазып, “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевди ырайым берип, абактан чыгарууну өтүндү. Ошол замат, коомчулукта, “эмнеге именно Текебаевди?”- деген суроо пайда болду. Эгер Оторбаев ошончолук эле объективдүү болгусу келсе, жасалма, мыйзамсыз токулган кылмыш иштеринин айынан абакта күн кечирип жаткан башка 20дан ашуун саясий туткундарды кошо айтпайт беле!

 

Анын бир гана себеби бар, К.Оторбаев башынан эле Ө.Текебаевдин желдети болуп жүргөн, башкы “ата-мекенчинин” колдоосу менен 2010-жылдан 2014-жылга чейин КТРКны башкарып, бүт элди жалган маалымат менен тойгузуп келди. Акыры аны эмгек жамааты жактырбай, кетүүгө аргасыз кылып, көчөдө калганда, ӨТ чуркап жүрүп, КР Акыйкатчысы кызматына алып келген. Ал кезде Текебаев Атамбаев менен сопсонун эле, колтукташып, коомду каалагандай чайкап жүргөн. Кийин мамилеси бузулуп, акыры былыгы чубалып, темир торго түштү. Карасаң, ошол Текебаев үчүн кыйын кездерде үн катып койгонго жарабай, эми Атамбаев кетери менен кыйкырып чыкты. Эштек, кечээ эмне текей терип жүрдүң беле?

 

Жээнбековго Оторбаевдин кайрылуусун окусаң, өзүнчө эле көркөм чыгарма, цитата келтиребиз: “Түбү түктүү Жер каймактаган алмустактан бери далай хандар, бектер, король, падыша, монарх, президенттер бийликтин бийик сересинде доорун сүрүп, түштүгүнө жорго минип, кызыгына кызыл кийип, тактысында манчыркаган. Кумга сиңген суудай далай өмүрлөр өттү, тарыхта адамдар калса алар кашкайган кадамдары менен гана ташка тамга баскандай калат экен. Башка учурда атак-даӊкты дагы, такты дагы, ага кошуп ысым-атты дагы убакыт чиркин куюн учурган камгак сымал күлүн көккө сапырып, жым-жым кылат. Көз жеткен жерден алыскы зымырыкка бийлигиңди орнотуп, оозуңдан чыгаары менен мыйзам-буйрукка айланган сөзүң дагы, ай-асманды чапчыган зоболоң туруп карабашыл өзүң дагы түккө турбай, унутулаар жагдай бар...”, “Сиз дагы өмүрдүн көбүн, кара күчкө толуп, болуп турган убактыӊыздын далайын авторитардык режимдер менен күрөшкө арнап, башыӊызды канжыгага байлап жүргөн маалда Ө.Текебаев менен үзөнгүлөш, ниеттеш, таламдаш катары далай тайгак кечүү, тар жолдон, кыл чайнашкан кырдаалдардан бирге өткөнсүздөр. Бүгүнкү демократиялык байырлуу жолду чабууга Сиз катары ал кишинин дагы ат көтөргүс эмгек-мээнети эбегейсиз. Ошол экинин бири боло турган адам бүгүн Бишкектин Кокон хандыгындай шарты оор абагында күндүн аптаптуу ысыгында, ызгаарлуу суугунда баш кесер кылмышкердей саналып, темир тор артында армандуу күнүн кечирип жатат”.

 

Оторбаев анчалык эле адилеттүүлүктүн жактоочусу экен, анда эмне үчүн КТРКны башкарып турганда Атамбаев бийлигинин ырайымсыз саясатын колдоду? К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов, А.Келдибеков, Н.Түлеев ж.б. камалганда, күнүгө КТРК аркылуу жамандап, далилсиз пропаганда жүргүзгөнүн кантип унуталы?! Ташиевди “Максим Бакиев менен сүйлөшкөн”- деп ошондо калп сюжет даярдатып, далилсиз жамандаганын азыр кантип танып кетет? Эми түштөн кийин “миротворец” болуп чыга келгенине жол болсун! Текебаев да Оторбаевди уяткарып, “мындай медвежья услуганын мага кереги жок”- дегендей, сунуштан баш тартты. Ит эле болду! Деги эле ушуга окшогон “күн тийген жердин күкүктөрүн” качан элдин кыжырын келтирбей, кетиребиз?!

 

Искендер Кубатов

Булак: “Майдан.kg” гезити, №17 (354), 09.05.2018-ж.