Гезитибизде эки жума мурун жарык көргөн “Жэээнбековдун жыл айлана элек “кидальщик” атка конгонун кантип тана алабыз?”- аталыштагы макала коомчулукта болуп көрбөгөндөй резонанс жаратты. Ошол замат бизге асылып, “жаңы президентке бут тосконунар кандай?”, “Жээнбеков мыкты иштеп жатат, а журналисттер дайыма жаман жагын издеп, бөлүп-жарганды жакшы көрөсүңөр”- деген окурмандар көп болорун мурунтан эле сезгенбиз.
Ошол замат 7 жыл атамбаевдик бийликке оппозицияда болуп келген басылмабызды “Жээнбековго да каршы оппозиция болот экен!”- деп божомолдоп жибергендер да көп болду. Бирок, журналистиканын эң биринчи миссиясы – элге бурмаланбаган, туура маалыматты жеткизүү экендигин бизге акыл айткан айрым саясатчылардын эсине сала кетүү абзел! Ал эми сөз болуп жаткан макала – президентке кулак кагыш катары сунушталган, коомчулукта Жээнбековдун дарегине карата айтылып жаткан ачуу сун-пикирлерди жалпылаштырып, “жолдон адашып кетпеңиз, урматтуу президент!”- деген эле коңгуроо болгон. Мындан президентке каршы турган айрым топтордун чырагына май таамп, көктөн издегени жерден табылганын да билебиз! Ошентсе да, эл кандай кабыл албасын, чындыктын жолу ачуу болот экен, кээде аны айла жоктон чыгарууга аргасыз болот турбайсыңбы.
Мына ошол макалада айтылган айрым коомчулуктун дооматтарына президент Жээнбеков оперативдүү реакция жасады. Четинен санайлы...
Биз, макалада: “Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү өзү теледебатта убада берген 36 коррупционеринен башталышы керек эле го? Антпей эле, ал күрөшү кокусунан эле жолдон чыга калган коёндорду атып кете берген мергенчинин образын жаратууда. Камалгандарды карасаң, 90 пайызы кечээ кышында Бишкек ТЭЦине байланыштуу чатактын арты менен темир торду көрүштү. А эгер ТЭЦте авария болбогондо кимди камайт эле? Мына ошол өзү айткан үлкөн чабактарды камаганга духу жетет беле?”- деген суроону кабыргасынан койгонбуз.
“Мамлекеттик системада коррупцияга каршы күрөш күчөйт”,- деп билдирди Сооронбай Жээнбеков 4-майда Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагындагы Ысык-Көл районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.
“Эл башкарам дегендер эң биринчи кезекте өзү таза болуш керек. Антпесе коррупцияны жеңүү татаал болот. Укук коргоо органдарында, сот системасында, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында да коррупцияга каршы күрөш токтобойт, күчөйт. Бардык бийлик бутактарында күчөйт, өзгөчө элге кызмат көрсөткөн мамлекеттик структураларда. Азыр мына процесс кетти - мен эч нерсеге карабайм. Мага жакынбы, бир тууганбы, доспу - эч нерсеге карабайм. Бардыгы бирдей жооп берет, антпесе коррупцияны жеңе албайбыз”,- деп белгиледи президент.
Жээнбеков Кытайдын тарыхындагы бир окуяны мисалга келтирди. Анда кытайлык эл башкарган адам өлкөдө кеңири тараган уурулукту кантип жоюунун айласын таппай, даанышман Конфуцийден акыл сураса, ал: “Өзүңүз напсиңизди тыйсаңыз, башкалар сыйлык берсеңиз да уурдабайт” деген экен.
“Ушул жерде бүт облус жетекчилери, райондун мекеме-уюмдарынын жетекчилери, айыл өкмөттөрү отурасыздар, “коррупция менен күрөшүү үчүн президент эмне кылат?” деп карап отурбастан, мына мен өзүмөн баштайын, үч бийлик бутагынын жетекчилери өзүнөн баштасын, бардык жетекчилер - чоң жетекчисинби, кичине жетекчисинби - напсини тыйып, өзүбүздөн баштасак, коррупция өзү эле токтойт. Мен ошондой эле кыргызстандыктарга кайрылам – президент жалгыз коррупция менен күрөшө албайт, аны менен күрөшүү жалпы улуттук болушу керек, биргеликте гана аны жеңе алабыз”,- деди С.Жээнбеков.
Ошол макалада: “акыркы кезде мамлекеттик иштерге иниси Асылбек Жээнбековдун кийлигишип, экинчи Жаныш Бакиев болгусу келип жатканын көп булактардан угуп жатабыз. Бул эл кечирбей турган коңгуроо. Кезектеги үй-бүлөлүк башкарууну эл көпкө чыдап, көтөрө албайт...”- деп жазган болчубуз.
Буга жооп катары Ысык-Көл областынын Тоң районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда президент С.Жээнбеков “Үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштүн башатында турган адам катары бийликтеги кландык башкарууга жол бербейм!”,- деп катуу айтты.
“Мен үчүн 2010-жылы үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы чыгып, курман болгон мекендештеримдин, алардын жакындарынын тагдыры жөн гана сөз эмес. Бул - менин да кайгым, менин да трагедиям. Ошондуктан, бул теманы саясий чайкоочулукка айландырууга жол бербейм! Эл тарабынан шайланган президент катары үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм! Үй-бүлөлүк режим жөнүндө айткандан тажабагандар олуттуу бир факторду эске албай жатышат, бул – коомчулуктун аң-сезиминдеги артка кайтпас өзгөрүүлөр. Биздеги эң чоң жетишкендик – күчтүү жарандык коом. Ачык коомдо эч качан үй-бүлөлүк, деги эле кландык башкарууга жол берилбейт. Президенттик кызматтагы менин мамлекеттик ишмердигиме жакындарымдын же туугандарымдын эч кимиси таасирин тийгизе албайт”,- деп белгиледи мамлекет башчысы.
“Бул менин Кудай буйруган, элим ишенип тапшырган негизги вазийпам! Үй-бүлөлүк бийлик кандай болоорун элибиз бир эмес, эки президенттин тушунда көргөн. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун трагедиялуу тарыхы Кыргызстан калкынын аң-сезиминде өчпөс так калтырды жана элибиз кландык башкарууга кайрадан жол бербейт!”, - деп сөзүнде баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мындан тышкары, учурда коомчулукта жакында өкмөт курамын бекитүүдө, бир катар ири жетекчилерди дайындоодо аймактык баланс сакталбай калгандыгы жаатында көптөгөн сөздөр айтылып келе жатат. Ачыгын айтуу зарыл, атайын чайкоочулук жасап, “оштуктар көп экен”,- дегендер деле соцсетте бар.
Ысык-Көл областынын Тоң районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда президент бул маселеге да өз оюн билдирип өттү: “Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта “түндүк-түштүк” маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарды – бул кутман элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! “Түндүк-түштүк” маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт!”
Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында өзүнүн президенттик ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде тышкы саясат туурасында да айтып берди: “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” деп элибизде бекеринен айтылбайт. Президенттик кызматка киришээр замат коңшу мамлекеттер менен мамилелерди бекемдөөгө көп көңүл бурдум. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, алгачкы сапарымды Россиядан баштадым. Россия жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен кызматташуу тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт болуп саналат”.
Президент 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо тууралуу Жарлыктын максатына жана милдеттерине да токтолду. “Президент катары менин негизги милдетим - мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин жашоосун жакшыртуу. Жарлыктын артыкчылыктуу багыттары -– калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын өнүктүрүү, аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, миграцияны кыскартуу. Биздин экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарыбыз тышкы рыноктордо абдан бааланат. Биз продукцияларыбызды тышкы рыноктордун талабына ылайык кайра иштетишибиз зарыл. Фермерлерибиздин бир дагы айыл чарба продукциясы иштетилбей калбашы керек”, -деп белгилеген президент, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, РСК банк, Айыл банк, Кепилдик фонду сыяктуу финансылык институттардын бардык ресурстары аймактарды өнүктүрүүгө жана элет жеринде ишкерликти колдоого багытталаарын кошумчалады.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №17 (354), 09.05.2018-ж.