Эски бийликтин коррупциялык иштерин ашкерелеген Бишкек ЖЭБиндеги дайынсыз жоголгон 386 млн. долларды иликтөө үчүн парламент депутаттарынан атайын комиссия түзүлгөн болчу.

 

Эми алар тыянагын коомчулукка жарыялаганы турушат. Бирок, комиссиянын эки мүчөсү корутундуга кол коюудан баш тартып, 7-майдагы жыйын жабык өттү. Анда депутаттар иликтөө корутундусуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулашкан болчу. Бул жагдай коомчулукта “комиссия мүчөлөрү экиге бөлүнүп, пикир келишпестиктер жаралып жатат” деген кептерди жаратууда. Ал эми комиссиянын төрагасы У.Примов баардык мүчөлөрдүн сунушу тыянакка киргизиле тургандыгын айтып чыкты. Демек, мындай чечим ары тарт, бери тарт болуп отуруп араң кабыл алынууда. Сыягы, депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү кимдир-бирөөлөрдүн атын жашырып коюу, фактыларды бурмалоо аракетин көргөн окшойт. Ал эми И.Масалиев депутаттык корутундуга ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишим түзүлүп, акча алынган, ишке ашырылган учурдагы энергетика министрлеринен тартып, премьер-министрлерге чейинки үлкөн чиновниктердин фамилиясы жазылмакчы. Арасында Ж.Сатыбалдиевден тартып, акыркы өкмөт башчылар С.Жээнбеков жана С.Исаков да бар. Булардын күнөөсү бар, жогун жана жоголгон миллиондорго канчалык деңгээлде катышкандыгын укук коргоо органдары аныктамакчы. Айтор ЖЭБ далай экс-чиновниктердин башын “жечүдөй”...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 09.05.2018-ж.