Сыягы, “Оштун түшпөс ханы” аталган мэр А.Кадырбаевдин да башына кара булут айланып калды өңдөнөт. Өткөндө шаар бийлигинин жер маселесине байланыштуу мыйзамсыз ишине карата кылмыш иши козголду.

 

Андан мурда Айтмамат ака ар бир бүткөн көп кабаттуу үйлөрдөн бирден квартираны курулуш компаниялардан талап кылары маалымат каражаттарында айтылып, жазылган менен өзү бул жагдайга “ак” да, “көк” да деп жооп кайтарып койгон эмес. Эми мэрияга караштуу “Жапалак” унаа базарынан айына 2 200 000 сом уурдалып жаткандыгы тууралуу маалымат автоматтын огундай эле тарап кетти. Аталган унаа базар жумасына эки күн, ишемби жана жекшемби күндөрү иштеп, 3500 унааны тейлейт. Мындан тышкары 30дан ашык ашкана, нотариустар, ажаатканалар ижара акысын төлөшөт. Сыртында унаа базарга тийешелүү токтотмо жайы да бар, андан дагы киреше чогулат. Тилекке каршы, унаалардын төлөм акысы мындан үч жыл мурда 70 сомдон 100 сомго көбөйтүлгөндүгүнө карабай мамлекеттик казынага ай сайын түшкөн 800 миң сом 600 миңге азайып кеткен. Ага да канааттанбаган мэр базарды жеке менчикке сатууну сунуш кылып, шаардык кеӊештин депутаттары тарабынан четке кагылган. Ошентип бюджетке оңбогондой киреше алып келген базарды жеке менчикке сатып жиберүүнү көздөгөн Кадырбаевдин тилеги таш капкан. Мындан да кызыгы, жакында эле унаа базардын жетекчиси шаардык кеӊешке базардын 1 айлык киреше төлөмүн 400 миӊ сомго азайтып, аны бекитип берүү сунушу менен кайрылып, бул сунуш да колдоо тапкан жок. Ушул жана башка унаа базардын артындагы көз боёмочулуктун артында А.Кадырбаев өзү тургандыгын оштуктар айтышууда.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 09.05.2018-ж.