Башкы прокуратура тарабынан ЖК депутаты, экс-биринчи вице-премьер-министр  А.Шадиевдин жана жакындарынын мүлкү камакка алынгандыгы тууралуу кабар анын өзү үчүн гана эмес, бүтүндөй коомчулукка чак түштө бомба жарылгандай эле сенсация болду.

 

Анда депутаттын 25 банктагы эсеби, ал 50% жана 100% ээлик кылган 10 чакты ишканасы, бир нече турак жайы жана автоунаасы камакка алынганы көрсөтүлгөн. Болгондо да көзөмөл органы тарабынан берилген санкциянын сүрөтү социалдык тармактарда чагылгандай тарап кетти. Ушул жана башка өзүнө, аялдарына жана туугандарына жазылган мүлктөр менен ээлик кылган ишканалардын баасы 7 млн. АКШ долларына же 450 млн. сомго бааланууда. А.Шадиевге болгону Ч.Айтматов атындагы 30 миң долларлык эл аралык сыйлыктын алынышына комитеттин төрагасы катары гана кол коюп койгондугу үчүн КЖКнын 304-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Бирок жарым миллиард сомго жакын акчасынын камакка алынышы, ушунча банк эсебиндеги байлыгы менен ээлик кылган ишканалары тез арада эсептелип чыккандыгы таң каларлык болууда. Коомчулук болсо жылма басып, жумшак сүйлөгөн А.Шадиевдин бизнесинин сырына кызыгып, кантип олигархка айлангандыгына кызыгууда. Ушул жерден белиглеп кете турган жагдай – А.Шадиев билимдүү бизнесмен катары, анын баарын таза, бешене тер эмгеги менен тапканын көпчүлүк биле бербейт. Ошондуктан, кайдагы 30 миң доллар үчүн канча жылдап тапкан кадыр-баркын чачууга бармак эмес. Анын башына “кара булут” айланганы, ага карата саясий буюртма бар экендигин, кимдир-бирөөлөр Шадиевдин мүлкүнө көз артып жатканын даана байкоого болот.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 09.05.2018-ж.