- Май майрамыңыз менен Сабыр байке. Майрамдык маанай кандай?

 

- Өзүңөрдү да майрамыңар менен куттуктайм! Бул 1-май улуу майрам эмеспи. Жумушчу болобу, аткаминерби, ишкериң да миллионериң да баары эмгектенет, эмгекчи. Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү деген жалпы адамзаттын майрамы да. Маанай жакшы. Бирок баштагыдай майрамдабай калдык. Майрамга чакырышчу эле, уюштурушчу эле... Жаш келгендикиби, айтор ошондой массовый иш чаралардан четтеп калдым. Силер майрамдатаарсыңар (күлдүк).

 

- Эми байке кеп салыңыз. Президентти шайладык. Эски президент чунаңдап тынчтангансыды. Жаңы өкмөт курамын бекиттик. Ушул өкмөттүн курамы, деги эле кадрдык саясат тууралуу ылдый-өйдө кептер токтобой, коом ичинде регионалистик көз караштагы пикирилер көп айтылып, жиктешүү күчөп бараткандай. Ушул маселелер тууралу кандай ойдосуз?

 

- Менин оюмча, азыркы бийлик башына келгендердин курамы негизинен регионалдык балансты сактоо менен эле жүргүзүлүп жаткандай. Мындай сөздөр буга чейин деле болуп келген, эми деле боло берет. Соцтармактарда бири, “чоңдор, министирлер бүт эле түштүктөн болуп калды” десе, башкасы “жок андай эмес” деп санап, сүрөттөрүнөн бери илип, беркилери кайра, “ооба туулган жери Сокулук, Бишкек болгону менен түбү Алай ж.б. экен” деген сыяктуу айтыштар жүрүп жатат. Негизинен мындай чагымчылдыкты ошо тубаса регионалистер, амбициясы орундалбай ичи күйүп калгандар чыгарат. Азыр ошолорду экс-президенттин медиа булактары козутуп жаткандай. Алар Сооронбай Жээнбековдун кадыр баркын кетирүү максатында аракеттенип, “күзүндө көрсөтөбүз!” дешип жаткандарына чейин угуп атабыз.

 

Анан эми аткаминерлердин кайсы региондон экенине эмес, кесипкөйлүгүнө сапатына келе турган болсок бул жерде чо-ооң суроо бар экени талашсыз. Өкмөттүн курамы негизинен өзгөргөн жок. Жарытылуу иш кылбай, экс-президентке, анын шоопуруна кулдук уруп, алардын айтканын кың этпей аткарганы үчүн эле “алтын акырдан” жем жеп жүргөндөрдү эл билет да. Ошон үчүн жанагындай нааразычылыктар айтылууда.

 

Өкмөттү кетирүү, жаңысын бекитүү оңой иш эмес. Экс-президент, анын куйруктары туруктуулукту бузууга катуу аракеттерди көрүп жаткан учур эмес беле. Ошондуктан чойбой, кыска убакта, ыкчам аракеттерди көрүп, коалицияны бузбай, компромистерге барып өкмөттү курап алуу, билинбеген менен коопту, маанилүү иш эле да. Сапар Исаков кожоюну менен мындайды күтпөгөн. Шок болду. Атамбаев ал күчүндө турганда өкмөт алмаштыруу жумалап барып ишке ашчу эмес беле. Азыр болсо өкмөт куралды, туруктуулук бар, эми мыйзам боюнча өкмөт башчы сунуштама берсе президент кими болсун кызматтан кетирип, жаңысын дайындоого мүмкүнчүлүктөр бар. Менин оюмча ушундай себептерден улам өкмөттүн ушул курамы бекитилген. Президент деле ЖМКларга бул курамга ичи чыкпаарын айтты го. Андыктан бул туура, тактикалык ход болгон десек жаңылышпайбыз. Демек, баары алдыда. Өкмөттүн курамынын жаңылануусу улантылат.

 

- Башкы прокурорду тандоо боюнча да ЖМКларда катуу талкуу болуп, коомчулук тарабынан тууган, жек-жааттын кийлигишүүсү сынга алынып, нааразычылыктар айтылууда?

 

- Сооронбай Жээнбеков жүз пайыз зымга тизгендей мыкты, абийирдүү кадрларды дайындайт деп күткөндүн өзү натура. Андай болбойт. Албетте аракет кылыш керек. Мыктыларын тандаш керек. Бирок коом жалаң мыктылардын турабы? “Кой аксагы менен миң” деген кеп бар эмеспи. Ошондуктан мындан кийин деле чобурлар, котурлар аралашып кетпейт деген кепилдик жок. Коомдун ичинде ошондой, жаман жакшы аралаш болгон соң, сузуп алсаң да аралаш чыгат.

Бирок сен айткандай, тууган жек-жааттын кийлигишүүсү башталса ал жаман. Анда Бакиевдердин үй-бүлөөлүк, криминалдык режимин курабызбы?

 

Бири, “баш прокурорду президенттин депутат кудасы түртүп, кызматка койдуруптур, Икрам Илмияновдун төрт жыл бапестеп Баткенге райпрокурор, Жалалабадга обл прокурор кылган кадры экен” деген десе, башкасы “Икрам эми АША экөөбүздүн артыбызды калкалоочу киши бар деп сүйүнүп, шапкесин көккө ыргытып, тойлоп атыптыр” десе, дагы бири “баш прокурорлук кызылдай акчага бааланып сатылыптыр” деп элдин башын маң кылган ушак-айың тарап жатат.

Сооронбай Жээнбеков Кудай деген адам, ал киши акча алып кызмат сатпайт деп ишенебиз. Ошондо кандай? Президентке ачыгын айтпай, алдап-соолап, кыздын баласындай мактап, кызматка дайындатып алышып эле, жапма табак кылып, өзүлөрүнчө соода жүргүзүп атышкандагысыбы? Андай акмакчылыктар башталган болсо, анда ошолор жетет, Сокенин түбүнө!

 

Эми кандай дегенде да, “болоору болду, бойосу канды” демекчи жаңы прокурор бекиди. Эми ишинен көрөбүз. АША менен Икрамдын артын калкалоо менен алектенсе, анысы деле көрүнүп калат. Балким жоопкерчиликти сезип, президентке колуна кол, бутуна бут болуп жакшы иштеп кетээр?

 

- Коомчулукта, “жаңы президент шайланды, жаңы өкмөт бекитилди, эми парламентти да кайра шайлайлы” деген пикирлер айтылып жатпайбы. Кезексиз парламенттик шайлоо өткорүүгө кандай карайсыз?

 

- Азыркы депутаттардын жүүнү бош, айдама болуп, Атамбаев каалагандай ала салдырганын көргөн эл иренжип, көптөн бери парламенти таркатуу сунушу айтылып келет. Бирок ошого карабастан мен кезексиз шайлоого каршымын. Азыр жаңы бийликтин көчүгү ээрге бекем отура элек. Амбициялуу, ичтери туз куйгандай ачышып турган экс-президенттин куйруктары бийликти дискредитация кылып, кулатып кайрадан бийликке келүүнү пландап жатат. Анан азыр шайлоо болсо аларга Кудай берип, шайлоо деп акчаны самандай сапырып, кайра бийликти алып, талап-тоноолорун улантса, кайра шайланбаса да туруктуулукту бузуп, тополоң салса кандай болот? Ошон үчүн, кырдаал толук турукташып, жаңы бийлик бекемделгиче шайлоо өткөрүү өтө опурталдуу дегим келет. Анын үстүнө, буга чейин канчалык дармансыз болгонуна карабай, чечүүчү мезгил келгенде – эски менен жаңыны тандоодо - бул депутаттарыбыз мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койуп, “АШАнын буйругун эле аткара берем” деген өкмөттү кетирип, элдин тынчтыгын сактап, экс президенттин деструктивдүү аракеттерине жол берген жок го.  

 

- КСДПнын жетекчилиги жаңыланып, Сапар Исаков төрага орун басары болсо, бул жактан Чүйдүн экс губернатору Сагынбек Абдрахманов башка ветеран партиялаштарын уюштуруп, “биз баары бир съездди өткөзөбүз, алты дубандын партуюмдары колдошот, партия Атамбаевдин менчиги эмес, биздин балдар кан төккөн, анан биз кол шилтеп отурмак белек”- дешип, КСДПнын кезексиз съездинин чакырылышын талап кылышып, акыркы жети жылдын ичинде коррупцияга жол ачкан ТЭЦ сыяктуу кылмыштардын аягына чейин иликтелишин талап кылып жатышканы айтылууда. КСДПнын келечеги тууралуу эмне айтасыз?

 

- Атамбаевди кайрадан төрага кылып шайлаган КСДПнын сьезди легитимсиз болуп калбадыбы? Жакпаган делегаттарды чийип салып, өң-тааныштарын жазып алып... Устав бузулуп, накта КСДПчылар талаага ыргытылгандын кесепети. Ал нааразы болгондор баардык дубандардан делегат шайлап келип Алмазбек Атамбаевди төрагалыктан түшүрүп башкасын шайлап алышы толук мүмкүн. Максимдин көчүгүндөгү жабышкак - шакшак болуп жүргөн Сапар Исаковду партияга төрага орунбасар кылып атса апрелде ок жеп, кан жуткан балдар чыдамак беле. Атамбаев оюна келгенди кылып атып КСДПны маргиналга айландырды, түштүк канатын түгөл кесип салгандан кийин ал толук кандуу партия болуп шайлоого катыша алабы? Акчаны чачкан менен эле иш чечилбейт. Куш эки канат менен учат. Ошондуктан партия кайрадан канат күүлөшү үчүн Атамбаев кетип, түндүк-түштүк ячейкалары калыбына келтирүү керек. Ошондо азыркы депутаттарынын көбү кайра кайтышы мүмкүн. Болбосо “Ак Жолдун” кейпин кийгени кийген.

 

Маектешкен

Нургазы АНАРКУЛОВ

 

Булак: “Майдан.kg