Парламенттин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов "Белизгейт" боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге чара көрүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-апрелде фракциянын жыйынында билдирди.

 

Шыкмаматовдун пикиринде, Сегизбаев кызматтык абалынан пайдаланып, жалган маалымат тараткан. "2017-жылы Сегизбаев парламент жыйынында биздин фракциянын 3 депутаты боюнча Белиз мамлекетинин расмий органдарынан 3 траст документ келгенин айткан. Ал 2012-жылы "Мегаком" компаниясынын ошол учурдагы акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн сатуудан үч адамды 8 пайыздан үлүшкө ээ болуп калуусу боюнча күнөөлөгөн. Жыйын учурунда такталган маалымат келет деп айткан. Муну менен ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалган маалымат таратып Кыргыз Республикасынын 3 жаранынын укуктарын бузган.