Сыныктан башкасынын баары жугуштуу экенин турмуш өзү тастыктап жатат.  Демократиянын аралы болуп калган биздин өлкөдө митинг деген балакет бар. Ошол нерсени айрым популисттер кадимкидей курал кылып алышты.  Эки чуут кишинин башы бирикти дегиче плакатын көтөрүп  ак үйдүн алдына чыга калат. Ушундай илдетти байлар, бизнестеги күркүлдөр, бийликке жулунгандар  күчөтүштү деп ачык айтууга эмнеге болбосун? Жол тосуулар, административдик жайларды басып алуулар, өрттөп жибермейлер, милицияларга каршылык көрсөтүүлөр болуп эле келатат. Айтор, тескери учкан жагалмайларды күүлөп салуу адатынан качан кайтаарыбыз белгисиз.

 

Жакында Тогуз-Тородогу комбинатты өрттөп жиберишти. Активдүүлүктү көрсөткөн ондон ашуун митингчини камап салышты. Ошондон бери камалгандарды чыгарып бергиле деп жердештери убап-чубап ак үйдүн алдына сагалап турушкан кези. Алардын арасында эки мектеп окуучусу бар экен. Эми ошолорду эркиндикке чыгарып койгулачы дешип ар кайсы чоңдун эшигин түрткүлөп жүрүшөт.  Эмне үчүн ошол окуучулардын ата-энелери убагында чараларды көрүшкөн жок.  Андай тополоңдун айынан керек болсо майып болуп калгандар болгон. Ошолор эмдигиче кайсы шайтан айдап барды экен деп кайгырып жүрүшөт.

Ал эми ошол митингге элди алып чыгып козуткандар четте калышканы белгилүү.  Башкаларды кырсыктуу ишке чакырып коюп  сыртта карагандарды качан жазага тартаар экенбиз. Эмне үчүн ошолор кармалбайт да камалбайт. Мыйзам дегенди унутуп салып миллиондорго курулган комбинатты  не себептен жексен кылышты? Сөзсүз эле кылмыш ишке барыш керек беле?  Туура эмес кыймыл,аракетти  атынан атоого неге болбойт? Ар бирибиз мыйзамдын чегинде жүрүүгө ким тоскоолдук кылып жатат? Качанга чейин кызыктар болгон тараптардын буйругун аткара беребиз?  Ээн баштык жасагандарды  ушинтип темир тор артына камап койбосо дарбып кетишери маалым. Мындай окуядан башкалар сабак аларына деле күмөнүбүз бар. Анткени дагы далай ирет элди митингге баштап чыкчулар оңой эле табылат.

Булак: “Ачык сөз”