Дале болсо кадрдык саясатта чоң кемчиликтер бар. Эгерде бийлик башындагылар кызматка келгендерди жерине эмес, мээсине, ички жан дүйнөсүнүн тазалыгына, алысты көрө алганына карап  ишке орноштурушса ызылдамайлар кан буугандай басылмак. А биздин бийлик көп учурда  оболу кайсы жерден экендигине, кандай абалда жашаганына, илик-жармасына карата мамиле жасаганы ыңгайсыздыкты жаратууда. Ошол иликтөөчүлөрдүн ким экендигин элдин элегине салгылачы,

жалпылап  көзөмөлгө алып, баа берип көрөлү. Тымызын жасаган аракеттин үзүрү эч убакта жемиштүү болбойт.

 

 Маселен, абдан жооптуу тармакка эмне үчүн Кашкар Жунушалиевди алып келишти, Чүйлүк болгону үчүнбү, же бирөөлөрдүн бажасы экендигиненби? Муну жөн жерден айткан жокпуз. Анткени ал ИИМди мурда келгенинде деле оңдой алууга жарабай койгон.  Азыртан эле үлкөн тармакта олку-солкулуктар байкала баштады. Демек, акыры дурус эместиги ачыктала баштады дегенге негиз бар.  Бышып жетилген татыктуу кадрлар улам тебиле берсе, же көңүлгө алынбаса  жакшылар көмүскөдө кала берери өкүнүчтүү.  Ошондуктан жарактуулугу баамдалса, керек болсо бир айылдын эмес, бир көчөнүн мыкты кадрларын жетекчилик кызматтарга тартуу мезгилдин өктөм талабы деп кабыл алышыбыз кажет. Антпесек чийки кадрлардын зор армиясын топтоп алып кашайып отура беребиз тескери кадамдарыбызды чотко салып.

Булак: “Ачык сөз”