Өзүӊөр жакшы билесиӊер, мурдагы депутат Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда 30 соту жерди мыйзамсыз ижарага берип койгон деген айып менен 12 жылга соттолду. Ал эми Бишкек шаарында мындай көрүнүштөр кадам сайын кездешет. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

 

«Мисалы, Бишкек шаарынын аймагындагы 86 гектар жер 5 жылдык мөөнөт менен мыйзамсыз ижарага берилип кетиптир. Ал жерге капиталдык курулуштар түшөт экен. Өкмөт бул маселени кылдат иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрүшү керек. Ансыз ордо калаадагы башаламандык токтобойт», - деп кошумчалады эл өкүлү.