Он күн мурун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Болот Сүйүмбаев кызматтан кетет. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

 

Ал аталган кызматка 16-апрелде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен дайындалган. Ошондо анын бул кызматты аркалаганынан болгону он күн эле болду. 

 

Болот Сүйүмбаев ага чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеп, 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгынын негизинде кызматтан бошотулган.