- Кайып Шер мырза, Тогуз-Тородо эл өрттөгөн алтын иштетчү комбинатты нааразычылыкка чыккан тарап эмес, башкалар атайын өрттөгөн деген пикирде экенсиз. Мындай пикирди бир нерсеге таянып айтып жатасызбы же уккан имиштерди айтып жатасызбы?

 

- Укканыма да, билгениме да таянып айтып жатам. Анткени, азыр бир топ жигиттерди камакка алышып, “алтын иштеткен ишкананы өрттөп салды, жабдыктарын жараксыз кылып салды”,- деген коомчулукка бир беткей маалымат тарап жатат. Чынында, “5 миллион доллар чыгымга учурадык, жабдыктарыбыз күйүп кетти”,- деген ишкананын жетекчилери жок нерсени айтып, элдин шабайын суутуп, өздөрүнө экинчи ирет каршы чыкпай турган кылыш үчүн ушундай саясат кылышты. Айтайын дегеним, мага жеткен маалыматтар боюнча, алтын чыгарган ишкананы эл өрттөгөн эмес. Болгону, аны кимдир бирөөлөр атайын өрттөгөн. Алар өрттөлгөн ишкананы беттерине кармап, “нааразычылыкка чыккандарды камап койсок элдин мизи кайтып, мындан ары алтын казууга каршы чыкпай калышат”- деген максатта ушул планды ишке ашырышкан. Мен ошол нааразычылык акцияга чыгып, камакка алынган балдардын жакындарына жолуктум. Алар өрттөп, алар айткандай чоң суммага зыян келтиришпегенин айтышты. Кыскасы, мунун баары кимдир бирөөлөр менен тымызын макулдашылып, жасалган иш десек туура болот. Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп кетейин. Тогуз-Тородо алтын иштеткен ишканалар фабрикасыз эле каза беришет. Башкача айтканда “навес” куруп алып эле алтын иштете берет. “5 миллион долларга чыгым болдук” деген компаниянын деле көп болсо, ошол “навеси” эле күйдү. Ал “навес” үчүн окуучу балдарды күнөөлөп, камап салуу акылга сыйбаган иш болуп калат.

 

- Сиз айткан маалыматка ынансак анда камакка алынгандар ак жеринен эле караланып жатышабы?

 

- Ооба. Камакка алынгандардын курамын көрсөң күлкүң келет. Алтын иштеткен комбинатты өрттөп жиберди деп мектеп окуучуларын камап азыркы бийлик абийир таппайт. Сооронбай Шарипович мамлекетти адилеттүү башкарам десе, окуянын чоо-жайын, аныгын  иликтеп, “кызырган жерди үзүп алайын” дегендердин саясатына каршы туруп, он гүлүнүн бири ачыла элек жаш балдардын убалынан коркушу керек.

 

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №15 (352), 25.04.2018-ж.