Болот Сүйүмбаевдин тагдыры кандай болот? Сапар Исаковдун артынан аны да кетиришеби? Дэги ал ишин билеби?

Тимур Саралаев, активист: Өкмөт жана президенттин ортосунда карама каршылык күчөп бара жатат

 Мен буга чейин эле, Баш мыйзам премьерге мурункудан Караганда кеңейтилген укуктарды берген күндө дагы, олуттуу дайындоолорду бир ооз болсо дагы президент менен макулдашып коюшу керектигин айткан элем. Тилекке каршы, Сапар Исаков өз алдынчалуулук кылып, екмот менен президенттин ортосунда карама-каршылык күчөп, акыры отставка менен бүттү. Мыйзам боюнча, айрым кадрдык чечимдерди өз алдынча кабыл алууга премьерге Башмыйзам жол берет. Бирок, мыйзам жол берсе дагы, адамгерчилик, моралдык, жигиттик мыйзамдар Болот Сүйүмбаевди дайындоого жол бербейт болчу. Менимче, ошол олуттуу катасы үчүн Сапар Жумакыдырович кызматынан кол жууду.

Ырысбек Өмүрзаков, журналист: “Сооронбай Жээнбеков Премьерди жоготушу керек”

Сооронбай Жээнбековду “билгениңди кыл”, дегенсип, Сапар Исаков Болот Сүйүмбаевди фискалдык, экономикалык кылмыштарды тергөө жүргүзчү органга башчы кылып дайындап жатпайбы. Бул дайындоону “Сапар Исаков өзүнүн Конституциялык укугун пайдаланды” деген келжирек сөздөргө маани деле бербеш керек. Толук кандуу парламентаризмге өтүүгө дагы көп бар. Ага чейин дагы эмне өзгөрүү болот, ким билет? Бирок, Сооронбай Жээнбеков парламент сунушун колдоп, премьерди кетиргени эн туура болду. Сапар Исаков деген “киндер-сюрпризден” Жээнбеков кутулбаса, алдыга жылуу болбойт эле.

Мамытбай Салымбеков, экс-депутат: “Кадр саясаты сасып бутту”

– Кадр саясаты сасып бүттү го.Билимин жана иштин билгилигине карабай эле көп жерде таныш тугандарды кое баштады. Анын жыйынтыгы татыксыз кадрларды кызматка алып келүү болду.

Эмилбек Момунов, журналист: “Болот Суйумбаевдин жаны кызматка дайындоо менен экс-премьер-министр президенттин бетине түкүргөндөй мамиле жасаган”

Акыркы кезде коомчулукка анча байкалбаган менен Ак үй менен Көк үйдө президент менен премьер-министрдин ортосунда тымызын тирешүү жүрүп келген. Аны биз мамлекет башчы менен экс-өкмөт башчынын кадрдык дайындоолорунан билсек болот. Мисалы, С.Жээнбеков ант берерге бир күн калганда Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Раим Матраимов премьер-министрдин буйругу менен кызматтан алынган болчу. Баарынан да эл арасында “Раим-миллион” лакап аты бар кызматкерди жөн гана бошотуп койбостон, экинчи мамлекеттик кызматка жөлөй албагыдай кылып, “ишенимден кеткендиги үчүн…” дегендей беренени кошуп кызматтан алган. Билгендерге бул С.Жээнбеков үчүн чоң “сюрприз” болчу. Анткени президент менен матраимовдордун мамилеси жакшы экендиги баардыгына белгилүү.

Бирок, баарынан да жакында кызматтан алынган УКМКнын торагасынын биринчи орун басары Болот Сүйүмбаевдин Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагалыгына дайындалышы өлкөбүздө кош бийлик орун алып, президент жана премьер-министр бири-бири менен тирешип жаткандыгын далилдеп койгон. Ооба, Б.Сүйүмбаев мурдагы кызматынан оз арызы менен кетти. Бирок коомчулук менен айрым парламент депутаттары аны жана УКМКнын мурдагы торагасы А.Сегизбаевдин ишмердүүлүгүнө саясый жана укуктук баа берилишин талап кылып жаткан. Анткени бул экөөсү акыркы алты жылда ар кандай саясый негизде камалып, “репрессия” болгон отузга жакын кыргыздын бычакка сап, тын жигиттеринин тагдыры үчүн жооп бериши керек. Себеби аларга УКМК тарабынан эч далилсиз же чет элдик шылуун шумпайлардын жалган көрсөтмөсүнүн негизинде айып тагылган. Демек мойнунда оор жүк турган адамды жайлуу орундан майлуу кызматка дайындоо бери дегенде ото текебердик болуп саналат. Экинчи-ден, коомчулук бул жаңы финполчуну экс-президенттин жансакчысы катары гана билет. Ал эми каржы, укук, юристтик билими, тажрыйбасы тууралуу эч кимибиз уккан эмеспиз. Эми ал кандай, кимдин буйругу менен иштей тургандыгы белгилүү да. Айтор, Сапар бул дайындоо аркылуу эл менен президенттин бетине түкүргөндөй эле мамиле жасаган. Ошентип, өзүнүн ансыз деле кал-бай бараткан саясый репутациясын мөөнөтүнөн мурда жеп, кызматынан кол жууду.

Жаныбек Жанузак, жазуучу: “Өлүм алдындагы чыйралуу”

Агония деген сөз бар. Өлүм алдындагы чыйралуу. Сапар Исаковдун аракети ошол сыяктуу болгон. Негизи, бу жигит мага жеке жаккан эмес, ашкере орусчалыгы… Мунусу да кыргызды жарытпайт деп ойлойм.

Төлөгөн Келдибаев, коомдук активист: “Сапар Исаков өз отставкасын Болот Сүйүмбаевди дайындоо менен эртелетип алды”

Кыргыз-стандын Конституциясында президенттин жана өкмөттүн ыйгарым укуктары жана милдеттерине ылайык өз укуктарынан пайдаланып, булар өздөрү каалаган, жактырган, татыктуу деп эсептеген кадрды кызматка дайындай алышат. Президент жаңы шайлангандан кийин улуттук коопсуздук органдарындагы жооптуу адамдар кошо алмашат. Анткени, ал кызматтар саясий кызмат орун болуп эсептелет. Бул табигий көрүнүш, мындан саясат издешке негиз жок. Финпол жетекчилигине Болот Сүйүнбаевдин дайындалышына бир топ жылдык тажрыйбасы эске алынса керек. Анын үстүнө Сапар Исаков өз отставкасын Болот Сүйүмбаевди дайындоо менен эртелетип алды.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан