Бишкек шарынын мэри Албек Ибраимов «Республика – Ата-Журт» фракциясы менен болгон жолугушууну саясий тапшырма катары кабыл алдым деп билдирди.  Муну ал аталган фракцияга жылдык отчётун бергенден кийин айтты.

 

Айтымында, «Республика – Ата-Журт» фракциясы чыгарган чечимдин мыйзамдык күчү жок. Анткени добуш берүү Шаардык кеңештин сессиясында гана жүрөт.

Ибраимов өлкөдөгү саясий кырдаалды эске алуу менен бул жолугушууну саясий тапшырма катары кабыл алганын баса белгилеп, отурумда шаардын көйгөйлөрү гана талкууланганын айтып өттү.

 

Белгилей кетсек, Бишкек шардык кеңештин «Республика – Ата-Журт» фракциясы шаар мэри Албек Ибраимовдун бир жылда аткарган ишине канааттандырарлык эмес деп баа берген.