Жогорку Кеӊеште КР Презинденти тарабынан башкы прокурор кызмат ордуна дайындоого сунушталган Жамшитов Өткүрбек Асылбековичтин талапкерлиги каралды. Талапкерди депутаттарга Президенттин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.

 

Өткүрбек Жамшитов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. 42 жашта. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Улуттук университеттин юридика факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. 21 жылдык юридикалык иш тажрыйбасы бар. Ал акыркы мезгилде Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган. Баяндамачынын айтымында, талапкер бкга чейинки прокурордук кызмат ордунда кынтыксыз иштеп келген.

 

Талкуу жүрүшүндө депутаттар Башкы прокуратуранын башкы милдети өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылуу экенин, коррупцияга каршы күрөшүү чараларын тескей турганын талапкердин эсине салып, башкы прокурорлукка дайындалып калса, өз милдетине жоопкерчилик менен карап, мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдү күчөтүүгө, ал эми кадр тандоо маселесинде алардын адистик деӊгээлине өзгөчө көӊүл бурууга тийиш экенин белгилешти.

Андан тышкары, эл өкүлдөрү укуктук мамлекетти түптөөгө баарыдан мурда мыйзамдуулуктун сакталышы, адилеттүүлүктүн орношу өбөлгө түзөрүн белгилеп, прокуратура органдарын жалпы эле кылмыштуулукка, анын ичинде коррупциялык жосундарга каршы күрөшүү чараларын жакшыртуу жаатында кыргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга чакырды.

 

Өткүрбек Жамшитов башкы прокурорлукка дайындалып калса, кылмыш иштерин көзжаздымда калтырбай, мыйзам алкагында тийиштүү чараларды көрүүгө, бул багытта депутаттар менен биргелешип иштешүүгө убада берди. Ал чукул арада коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүү менен, негизги иш багыттарын аныктап, ошого жараша алгылыктуу чаралар көрүлө турганын билдирди.

 

Электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосу менен Жамшитов Өткүрбек Асылбековичти башкы прокурор кызмат ордуна дайындоого макулдук берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Өткүрбек Жамшитовду эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал прокуратура органдарынын дарегине айтылган сын пикирлер менен берилген сунуштамалар эске алына турганына ишеним артарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеӊештин макулдугу менен 2018-жылдын 13-апрелинде мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирилген.