Жасаган ишине караганда жазганы менен сүйлөгөнү көбүрөөк талкууга алынган Бишкектин мэри Албек Ибраимов өткөн жумада коомчулукту дагы бир ирет таң калтырды. Ким билет, чындыгын айттыбы же урдуруп жибердиби, кыскасы бул ирет ал “Эмнеге эл аралабайсыз, көрүнбөйсүз?”,- деген суроого: “Мен эч ким тааныбасын деп, дубана кейпин кийип алып эл аралаймын”,- деди. Мындан мурда да коомдук транспортто дем алыш күндөрү жүрүп каларын айткан болчу. Анткен менен аны эч ким троллейбуста же маршруткаларда көргөн эмес. Ооба, кыраакы жетекчилер аткошчуларынын айткандарын текшерүү үчүн өздөрү эл аралап, чыныгы турмушту көзү менен көрүшөт. Бир чети анын чарбачыл, элге жакын экендигин тана албайбыз. Колдон келишинче иштеп деле жаткансыйт. Болгону айрым ыкшоо орун басарларын камчылап койсо гана иши илгерилейт болчу. Ал чындап эле дубана кейпин кийип, эч кимге көрүнбөй, коомдук транспортко түшсө түшүп деле жүргөндүр. Бирок кайра мэрлик креслосуна отурганда ушул “саякатында” көргөн-билгендерин айтып, кол астындагы иш бөлмөсүнөн чыкпаган, кызматтык машинадан түшпөгөн май курсак чиновниктерге кемчиликтерди жоюу тапшырмасын бермек да. Тилекке каршы бишкектиктер азырынча андай кадамын көрө элекпиз. Же Бишкекте мындай көйгөй жокпу? Балким, Албек мырза түн жамынып Ош базары жакты кыдырып жүрбөсүн...

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №15 (352), 25.04.2018-ж.