Президент С.Жээнбеков ошол эле күнү эл өкүлдөрүнүн тиешелүү токтомуна кол коюп, жети айдан бери жалаң пиар менен алектенип келген “жаш жана  жакшы” өкмөттү кетирди. Анткен менен “куттуу орун куру калбай” жаңы премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү ким болору айтылып, бекитилди. Ошентип мурда тынч иштеп келген жана саясый оюндарга аралашпаган Мухаммедкалый Абылгазиев башвазир болуп калды. Балким, анын өлкөдөгү үчүнчү адам болууга эң оболу биографиясы менен географиясы ылайык келгендир. Анткен менен Мухаммедкалый мырзанын эң эле майлуу жана чырлуу деп саналган Социалдык фондду бир нече жыл жетектеп, азыркы чиновниктердин “өнөкөт ооруусу” болгон коррупцияга илешпегендиги негизги “путевка” болду окшойт. Андан кийин былтыр 40тан ашык адамдын өмүрүн алган Дача-СУдагы авиакырсык боюнча өкмөттүк комиссияны да жетектеп, “басты-басты” кылган. Өкмөт башчы алгачкы жумуш жумасын да элге жагымдуу кадам менен баштап, Көк үйгө эч кандай кортеждин коштоосу жок эле, таңкы саат 7:30да келди. Эми ишинде да ийгилик жаратып, көйгөйлүү маселелерди чече баштаса жана мурдакылардай популизм менен алектенбесе, өзүнө да, өлкөгө да пайда келтирмек.

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №15 (352), 25.04.2018-ж.