Бүгүн,  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөттүн курамы Жогорку Кеңеште ант берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, ант берүүгө президент Сооронбай Жээнбековдун катышаары айтылууда.

 

Белгилей кетсек, 20-апрелде Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын жактырып бекиткен.