Шаардык кеңештеги  “Республика-Ата Журт” фракциясы эртең калаа башчысы Албек Ибраимовдун отчетун угат. Буга  мэриянын коомчулукта чуу жараткан кымбат баадагы көчөттөрдү  сатып алды делген кептер негиз болууда. 

 

Эске салсак, Бишкек мэриясынын алдындагы Жашылдандыруу ишканасы Польша, Германия, Бельгия жана Казакстандан 13 миллион 763 миң сомго көчөт сатып алганы коомчулукта талкуу жараткан.  Ташылып келген көчөттөрдүн алты түрү 9 миң 90 сомдон бааланганы айтылган.

 

Кийин Жашылдандыруу ишканасы түшүндүрмө берип, ал көчөттөр 4 миң сомдон баштап 9 миң сомго чейин сатылып алынганын, базар баасында 12 миң сомдон жогору тураарын кабарлаган.