25-апрелде Жогорку Кеңеште жаңы куралган өкмөт мүчөлөрү ант беришет. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 20-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр кылып дайындаган.
Жогорку Кеңеш Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган жаңы өкмөттүн программасын, ошондой эле түзүмү менен курамын бекиткен.
Эске салсак 19-апрелде Сапар Исаков жетектеген өкмөттү президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетирген. Ага парламенттеги оппозициялык фракциялар өкмөт курамына ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшү себеп болгон.