Көпчүлүк коалиция өлкөнүн башпрокурорлугуна талапкер Өткүрбек Жамшитовдун маселесин карап жатышат. Депутаттар арасында бул талапкерге карата жылуу пикирлерин билдиргендер да болду. Бирок, мындай пикирлердин ачыкка чыгышынан депутат Рыскелди Момбеков чоочулады. 

"Эрте мактап баштадык. Биз мактап, кызматка отургузуп койсок, эртең эле депутаттарга каршы кылмыш иштерин ача башташы да мүмкүн. Мактабай, талап коелу", - деди депутат. 

Белгилей кетсек, Башкы прокуратуранын башчылыгына Жамшитовду президент Жээнбеков сунуштаган.