Учурда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция Башкы прокурорду дайындоо маселесин карап жатат.

 

Буга чейин бул маселени тиешелүү комитет карап, жактырган болчу. 

Башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин президент Сооронбай Жээнбеков сунуштады.

Белгилей кетсек, Жамшитов 2011-жылдан баштап Лейлек районунун прокурору болуп иштеген. Ал эми ушул жылдын 1-июлунда Жалал-Абад облусунун прокурору болуп дайындалган.