Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карады.
Жыйында Жамшитовго суроолор жана каалоолор айтылып, жооптор алынып, талкуунун жыйынтыгында анын талапкерлиги бир добуштан жактырылды.
Жамшитов Өткүрбек Асилбекович 1975-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1996-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
Ал үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.