Бул тууралуу Акүйдөгү өздүк булактарыбыз билдирди.
Анда белгилүү болгондой, 42 жаштагы бул талапкер Оштун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын кулуну. 1996-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин “укуктануу” факультетин окуп бүткөн.
1997-жылы эмгек жолун Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы кызматынан баштаган. Андан бери Талас облустук, Бакай-Ата, Алай, Кадамжай, Лейлек райондук прокуратурасында иштеген.
2015-жылдан бери Жалал-Абад облусунун прокурору, II класстагы юстициянын кеңешчиси чини бар.
Govori.TV