“Атамбаев ден-соолугун кармабаса, 8-9 айдын аралыгында өмүрүнө коркунуч жаралат”

 

- Атамбаев кандайдыр маселелеримди чечем, ден-соолугума кам көрөм деген максатта Кытайга барды. Мындан тышкары, анын ал жакта бизнес жаатында жолго салчу иштери бар. Мага түшкөн аянга таянсам, Атамбаев учурда үч жолду тандап  жатат. Биринчиси, бизнесин колго алгысы келет. Экинчиси, Кыргызстанды тымызын башкарып, Сооронбайга таасир этүүнүн жолун издеп жатат. Үчүнчүсү, калган өмүрүн башка мамлекетте өткөрүүнү пландап жатат. Кыскасы, азыр экс-президент үч жолдун кайсынысын тандаарын билбей турат. Эгер Атамбаев баштагыдай  саясатка аралашып, башкарууну колго алса, анын пайдасын эмес азабын тартат. Ошондой эле-ден соолугун карап, дарыланбаса, 8-9 айдын аралыгында  өмүрүнө коркунуч жаралат.

 

Кыскасы, кайсы жолду тандаса да, Атамбаевди укмуш нерсе күтпөйт. Эгер Атамбаев мурунку президенттердей болуп, башка мамлекетте жашоого аргасыз болсо, аны “кайсыл мамлекет батырат” деген ой көпчүлүктү кызыктырып жатат. Алмазбек Атамбаев Кыргызстандан кете турган болсо, Россия аркылуу аларга жакын жайгашкан бир мамлекеттен башпаанек алат.

 

“КСДП үчкө бөлүнөт”

 

- КСДПнын иши илгерилемек турсун үчкө бөлүнүп, өлүү партиянын катарын толуктайт.  “Республика” партиясы лидери менен кошо саясаттан четтейт.  Андагы акчалуу саясатчылардын баары башка партияларга өтөт. Текебаев менен кошо “Ата Мекен” партиясынын иши да солгундайт. 

 

“Сооронбай Жээнбеков Атамбаевди кечирбеши керек”

 

- Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Шаршеновичтин айрым катуу сөздөрүн айкөлдүккө салып, кечирип коюп жатат. Чынында аны кечирбеш керек. Себеби, ошол кечирими анын башына муш болот. Ишин аксатат, чоң тоскоолдуктарды жаратып, элдин ага болгон ишенимин жок кылат. Чынын айтыш керек Сооронбайга таланган Кыргызстанды бутуна тургузуш кыйынга турат. Ошон үчүн Атамбаевге өзүнө жараша мамиле кылбаса, кийин өкүнүп калат. Мен бул сөздү Атамбаев менен Жээнбековду тирешин күчөтөйүн деп айткан жокмун. Азыр чара көрбөсө, кийин кеч болуп калаарын, эл ээрчибей коёрун айтып коңгуроо кагып жатам. 

 

“Ажо бир жарым жыл жакшы иштейт”

 

- “Мамлекетим үчүн иштейм, элиме кызмат кылам” деген дымагы болсо да, эмнегедир Сооронбай  Жээнбековдун жолу катуу болуп жатат. Ал мамлекет башына келгени Кыргызстанда кырсыктар көп болот. Ошон үчүн тазаланышы, кара дубалардан арылышы керек. Болбосо, кара дубанын кесепети   Сооронбай Жээнбековду эле эмес, карапайым элди да кыйнайт. Быйылкы жылы карапайым эл катуу кыйналат.

 

“Бабанов Россиядан чыгып кетпесе, камакка алынат”

 

- Бабановго дагы бир кылмыш иши козголот. Эгер ал өзүнө сак болбосо, Түркия, Казакстан, Россия сыяктуу мамлекеттерден башка жакка кетип калбаса, аны кармап келип, камап коюшу мүмкүн. Эгер камакка алынбайм десе, анда Россиядан тез аранын ичинде чыгышы керек. Болбосо темир тор артында калышы ыктымал.

 

“Ак үйдү шаар сыртына көчүрүүш керек”

 

- Ак үйдү шаардын сыртына көчүрбөсө бул жерге отурган президенттердин баары уят болуп гана кызматынан кетет. Анткени, бул Ак үй кара дубага чүмкөлүп калган. Шаардын чок ортосунда курулган Ак үйдөн эч кимдин  зоболосу көтөрүлбөйт.

 

“Жээнбеков креслосун алмаштырсын...”

 

- Сооронбай Жээнбеков касиети бар, улам аурасын тазалаткан адам болсо да, отурган креслону  жаңылабаса, иши илгерилебейт. Анткени, ал отурган креслого да адамды тушап койгон кара дубаларды көрүп жатам. Ал дубалардан арылмайын Сооронбай Жээнбеков ишинен анчалык жыйынтык чыгара албай кыйнала берет. Иши илгерилебейт.

 

“Сапар Исаковго кылмыш иши козголушу ыктымал”

 

- Сапар Исаков “жакшы иштедим, эл менен болдум, карапайым адамдардан кабар алдым”,- деп өзүн соороткону менен ал мамлекеттик иштин  жолун таба алган жок. Сапар Исаков өз арызынын негизинде кызматын тапшырбаса, 2-3 жуманын аралыгында эле кызматтан кетүүгө аргасыз болгон жагдайлар жаралат. Ошондуктан, кырдаалды курчутуп, татаалдатпай эле кызматынан четтеши керек. Болбосо, анын буга чейинки жасаган иштери чукулуп, кылмыш иши козголуп калышы ыктымал.

 

“Жолдубаева Салянованын тагдырын кайталап калышы мүмкүн”

 

- Мага байланышка чыккандардын көбү “Жаңы жылдын алдында үч министр кызматтан кетип, бирөөнө кылмыш иши козголот депсиз. Исаков, Сегизбаев, Жолдубаеванын кимиси камалат?”- деп сурап жатышат.  Жолдубаева кызматтан кетпей тургансып, көп туура эмес иштерге аралашты. Анын кесепетин тартып, Салянованын тагдырын кайталап калышы ыктымал. Кыскасы, Жолдубаева куугунтукка кабылат. Абдил Сегизбаев “Кыргызстан үчүн кызмат кылдым, мамлекетим үчүн эбегейсиз иш жасадым”- дегени менен кырдаалды алдын-ала байкап, кылмыш иши ачыла электе кызматтан кетейин деп кетип калыптыр. Бирок, ал көп душман күтүптүр. Ошол душмандар анын “сары изине чөп салабыз, бизге жасаганын өз башына келе турган кылабыз”- деп шымаланып жатышат.

 

“Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Канат Исаев эркиндикке чыгат”

 

- Текебаев “айдын 15и карангы, 15и жарык” дегендей ага жакынкы аралыкта күн тийет. Бирок, ал эркиндикке чыкканы менен саясатка анча аралашпайт. Ага азыр саясаттан да  ден-соолугу маанилүү. Ден-соолугун жакшы карабаса, жүрөгүнө күч келип кетиши мүмкүн. Кудай буюрса, жакынкы аралыкта президенттин амири менен саясый негизде жок жерден жалаа жабылып, камакка алынган оппозиционерлердин бир тобу камактан чыгат. Алардын сап башында Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков, Канат Исаевдер  болот.

 

“Кыргызстан Түркия менен мамилени бекемдеп, Кытай менен салкын мамиледе болот”

 

- Мага түшкөн аяндарга караганда Сооронбай Жээнбеков Түркия менен мамилени бекемдейт. Бирок, эмнегедир Кытай менен мамиле солгундай түшөт. Сооронбай Шарипович тышкы саясатта абдан кылдат мамиле кылып, кыраакы болушу керек. Антпесе кесепетин тартат. Өзбекстан менен бекер чек араларды ачып, жакындашып жатат. Алардын котур ташы койнунда. Алар жакындашып туруп, Кыргызстанга жамандык жасашып, кансыз согуш жасашы мүмкүн. Өзбекстанда жердин, суунун тартыштыгын Кыргызстандын эсебинен чечем деген  саясаты бар. Ошон үчүн алардын экспансиясына каршы саясат жүргүзүшүбүз керек.

 

“Ташиев, Мырзакматов, Мадумаров кызматка келет”

 

- Көптөр “президент алмашты, анын ишенген кадрлары кызматтан четтеди дагы кимге ийгилик жылмаят?”- деп сурашат. Чынын айтсам, башка саясатчыларды эсепке албаганда дагы Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматов жана Адахан Мадумаровго оомат келип, күтүлбөгөн мамлекеттик кызматтарды аркалап калышат. Ошентип кадр саясатындагы тартыштык жолго салынат.

 

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

P.S. Жолумду ачтырам, төлгө салдырам дегендер  0776 21 00 00 номерине байланышса болот.