Эми гана үлкөн тактыга отурган өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев алгачкы кадамын жакшы жөрөлгө менен баштаптыр деген кабар дүңк дей түштү коомчулукка. Сөздүн туурасын айтканда мурдагыдай кабат-кабат жан сакчылардан кутулуп, шаан-шөкөтү жок эле жүрүүнү чечиптир.  Мындай көз карашын ал “үч тамганын” чоңун эмгек жамаатына тааныштырганы барганда бекемдептир. Бул сонун жаңылык болду чынында.

 

Негизи протоколдук  көрсөтмөнү адамдар эле ишке киргизип коерун билебиз да? Ошондой нерсенин ашыкча жактарын жоготууга ким тоскоолдук кылды эле?  Эч ким. Мезгилдин агымына жараша иштөөгө бет алгандар керек болсо чырмалышып кеткен “тартиптерди” деле талкалап койот. Ал үчүн бекем эрк, мекенчилдик,эч нерседен коркпогон жүрөк керек. Акыйкатында эскилиги жеткен көрсөтмөлөрдү жаңылоого убакыт келди. Маселен, Монгол президенти жандоочусу жок эле каалагандай ээн-эркин басып жүрөт эл ичин аралап. Кана ким ага тоскоолдук кылды?   Демек, биздин төбөлдөр деле жер менен басып жүрүүгө бет алса алакандар гана чабылмакчы…

Булак: “Ачык сөз”