Төрага Дастанбек Жумабеков өлкөнүн жети облусунан келген меценаттарга Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Сыйлангандардын катарында Жаманкул Галдыбаев, Болотбек Давлетов, Мирлан Исагалиев, Исманали Карабаев,  Халича Лумазова, Улан Сырдыбаев жана Нурбек Ташболот уулу бар.

 

Тагыраагы, Жаманкул Галдыбаев өткөн жылы Алайда катталган жер титирөөдөн жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтсө, Халича Лумазова Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылындагы кароосуз калган балдарды, жакыр жашаган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды өз камкордугуна алган. Ал эми Болотбек Давлетов Жалал-Абад облусундагы бир мектепке спорт зал жана китепкана куруп берсе, Исманали Карабаев жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыздап, каржылык жактан да колдоп келет. Мирлан Исагалиев болсо Балыкчы шаарына гемодиализ борборун куруп, Тоң районунун аймактык ооруканасына реаномобиль сатып берген. Ошондой эле Нурбек Ташболот уулу Нарынга муз аянтын жана кичи футбол талаасын салып, аймактагы спорттун өнүгүүсүнө салым кошсо, Улан Сырдыбаев жакыр жашагандарга жана муктаждарга жардам кылган камкоордугу менен белгилүү.

 

Төрага Дастанбек Жумабеков алардын кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип: “Кыргызстанда ишкерлер арбын. Алардын арасында тегерегиндеги адамдарга жардам берген сиздердей меценаттар бар экендиги кубандырат. Сиздердин жүрөгүңүздөрдө боорукердик жана ырайымдуулук орун алган. Мындан ары да кайрымдуулугуңуздарды тынымсыз улантасыздар деп ишенем”,– деди.

 

Өз кезегинде меценаттар берилген Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы элге көмөк көрсөтүү үчүн кылган аракеттерине түрткү берерин белгилешти.