Токтогул Какчекеев, коомдук ишмер: “Президентке жүгүрүп иштеген кол бала керк болду”

– Коомдо ар кандай пикирлер айтылып жатпайбы. Ал пикирлердин негизгилеринин бири бийликке президенттин командасы келиш керек деп катышат. Экинчиси мамлекеттик аппаратты коррупционерлерден тазалоо керек дешүүдө. Демек, Сапар Исаков жаңы президенттин командасынан тышкары турат десем болот. Буга жакында кызматтан алынган мурдагы президенттин командасы УКМК башсынын, башкы прокурдун кызматтан алынышы далил боло алат. Кыргызстанда тилекке каршы, Акаевден калган айыкпас синдром бар. Башкача айтканда Акаев чапкан арык дале болсо өз угунда. Мисалы, чоңдордун жеке кызыкчылы-ким бийликке келсе  өз командасын кызматка алып келүү ж.б. Учур да баш мыйзам боюнча Өкмөттүн бийлиги күчтүү. Бирок президентке жүгүрүп иштеп бере тургандай кол бала керек. Мына ушул себептерден улам Сапар садага чабылды.

Базарбай Мамбетов, мурдагы вице-премьер министр: “Сапар Атамбаевдин баштаган аягына чыгарам деп..

– Сапар жакшы бала, бирок… Ал 8 айдын ичинде Атамбаев баштап кеткен иштердин баарын ишке ашырам деп жүрүп алды. Экинчиден, ал “40 кадам”, “Таза коом”, “Таза жашоо”, “Таза шаар” жана башкаларды коюп, элдин акылын угуп иш кылса жакшы болмок беле деп ойлойм. Ал антпей койбодубу. Жок дегенде мен айткан кен байлыктары, энергетика, суу маселелери, токтоп калган кант кызылчасы, пахта өндүрүү, мал чарба сүт, эт өндүрүү боюнча сунуштарымдын бирин да аткара албай койду. Мунун бардыгын мен ал адамдын иш билбестиги менен байланыштырам.

Айбек Аилчиев, саясий эксперт: “саясий кризиске парламент күнөөлү”

– Бизде эгемендүүлүк жьшынан бери өкмөт отуз жолу алмашты. Азыркы парламент эле үчүнчү өкмөттү алмаштырып, төртүнчүсүн кураганы жатат. Биздин баш мыйзамда көргөзүлгөн кемчиликтердин бири катары карай турган болсок, өкмөт саясий оюнчулардын курмандыгы. Мындай учурда биз парламенттин жоопкерчилигин кароо маселесин күн тартибине коюуну карашыбыз керек. Кайсы өкмөт сунушталбасын парламент колдойт, кетирүү маселеси чыкса да бир добуштан колдошот. Биздин азыркы саясий кризиске дал ушул парламент күнөөлүү болуп жүрбөсүн? Коомчулук дал ушул маселени карашы керек. Ал эми өкмөттүн ишмердүүлүгүн убакыттын өтүшү менен баалайьыз. Азыр ар кайсынысы айтканыбыз менен ал көрсөткүч болуп эсептелбейт. Анткени бардык нерсе салыштыруу, убакыт аркылуу таразаланат.

Дастан Бекешов, Жогорку Кеңештин депутаты: “өкмөттүн кетиши менен Кыргызстан жарым жыл артка кетти”

– Бул жерде маселе Сапар Исаковдо деле эмес. Бул жерде саясий оюндар болуп жатат. Анын таасири Кыргызстан үчүн жакшы болбойт. Эми жаңы өкмөт келгенче, ал куралып башталганча Кыргызстан бери дегенде жарым жылды жоготот.

Аликбек Жекшенкулов, саясатчы: “өкмөттүн алмашуусу токтобойт  боло берет”

– Өкмөттүн кетиши жасаган жана жасабаган иштерине байланыштуу болду. Парламенттик мамлекеттерде Өкмөттүн кайра-кайра алмашуусу бул боло турчу көрүнүш. Өзгөчө биздин мамлекетте, саясатта туруктуулук жок болуп, экономикабыз өнүгүү жолуна түшө албай, социалдык маселелер көбөйүп, мамлекетти башкаруу системасы башаламан болуп, элдин арасында нааразычылык күч алып турганда мындай көрүнүштөр боло берет.

Автор: Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”