Бийликтин башын мыкчыш үчүн көп алекеттенүү кажет. Болбосо ак үйдүн төрүнөн орун тийбей калат. Мунун тайнесин таанытам дегендер саясаттын ичегисин далайга жеткире чубашы керектелет. Антип аки-чүкүсүн чукуп көрбөсө көздөгөн тилегине жетпейт. Анын сыңарындай Өмүрбек Бабанов капут болгон соң дүрүдүм-дүрүдүм деп обон созгон топ тез эле Руслан Казакбаевди күм-жам кылып таштады. Бешөөнүн ырп этерге алы келбеди. Мурдунан күңкүлдөшкөнү менен туура кепти айта албай жалтакташты. Анан лып  этип лидерликке Ж.Турускулов отуруп калды. Жогору жактан ошондой ишаарат болгон соң кыңк деп көрүшсүнчү, өпкөсүн көз жумгуча үзүп коюшат.

 

Ошентип “Республика” фракциясы баш жактагы үчтүктөрдүн катарына кошулат. Сапка тизилип алган соң үлкөн портфельдерди талашууга кызуу киришет. Кантип эле сонун кырдаалды колдон чыгарып жиберишсин. Анткени кээ бирлерин өкмөткө секиртип, айрым күтүп тургандарга мандатын колуна салып бериши зарыл. Мындай ниети болбосо коалицияга кирип неге баш оорутмак эле. Депутаты башкалардан арбын болгон бул фракциянын пикири менен чоңдор айла жоктон эсептешүүгө муктаж болору деле бештен белгилүү.  Эмнеси болсо да ак үйдө шахматтык жүрүштөр эми күч алат. Эшик аңдымайлар, ортомчу салмайлар, ымдамайлар, жыргамайлар болбойт десек жаныбызды жеп калабыз. Ошондуктан тим эле карап туралычы,бай болгурлар!

Булак: Ачык Сөз