Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев Сапар Исаковдун өкмөтүн өткөн жылы август айында парламенттин колдогону чоң жаңылыштык болгонун белгиледи. 

 

Ошондой эле ал КСДП фракциясынын алгач Исаковдун отчетун бекитип, андан кийин ишеним көрсөтпөөгө макул болгонуна таң калганын жашырбады. 

 

"Ушул убакка чейин көпчүлүк коалиция талапкерлерди көрсөттүңөр, силер тандаган кадрлар эч нерсени кыйратышпады. Ошондуктан, коалиция тарап, беш фракция биригип көпчүлүктү түзүп, КСДПны оппозицияга калтырсак, коомчулукта да ишеним арбыйт эле", - деди Исхак Масалиев.