Ош жана Бишкек шаарларында жардыруу уюштурууну пландоого, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге кол салууга аракет жасоого айыпталып, 15 жылга түрмөгө кесилген Дастанбек Сарымсаковдун атасы уулунун бейкүнөө экенин билдирүүдө.

Дастанбек Сарымсаковдун атасы Хурсандбек Сарымсаков 17-апрелде Ош шаарында маалымат жыйынын өткөрдү.

 

– Мирзиёев Кыргызстанга 5-сентябрда келген, менин уулумду болсо 2-сентябрда эле кармашкан. Ал Мирзиёвди жана элчилик имараты менен чиркөөнү жардырууну пландаган деп күнөөлөнүүдө. Уулум жалгыз эле үч жардырууну кантип уюштурмак эле, жок дегенде бир шериги болмок. Мен укук коргоо органдарынан бул айыптоолордун чыныгы далилин тапкыла деп талап кылып жатам. Бирок анын күнөөсүн аныктаган бир дагы далил жок, –деди Хурсандбек Сарымсаков.

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Гайрат айлынын 30 жаштагы тургуну Дастанбек Сарымсаков 2017-жылы 2-сентябрда кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда бир кап жардыруучу зат табылганы кабарланган.

 

Хурсандбек Сарымсаков айыптоолорду четке кагып, уулунан кыйноо жолу менен көрсөтмө алынганын билдирди.

Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Хурсандбек Сарымсаковдун дооматтарын жокко чыгарып, сот учурунда айыпталуучуга карата кыйноо колдонулганы тастыкталбаганын айтты.

 

– Сотто ал Сириядагы жоочулар менен байланышта экенин моюнуна алган. Мындан тышкары социалдык түйүндөрдө бир киши менен кат алышып, аны Ош жана Бишкекте пландалган жардырууга катышууга үндөгөн, – деди Бекзат Осмонкулов.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”