Президент Сооронбай Жээнбеков “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 1-мартында кабыл алынган.

 

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты баалуу кагаздар рыногунда иштерди жөнгө салуучу мыйзамдык базаларды, анын ичинде баалуу кагаздар эмитенттерин, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларын жана инвесторлорду өркүндөтүү болуп саналат.

 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.