- Ахматбек Келдибекович, маегибизди соңку коомдук-саясий кырдаалдан баштасак. Экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта, КСДП партиясынын съездинен кийин журналисттердин суроолорун жооп берип жатып, учурдагы ажо Сооронбай Жээнбековдун дарегине бир топ ачуу сын-пикирлерди айтты. Өзү колдоп алып келген адамды кайра эле аз мезгил ичинде сындап чыкканын сиз кандай кабыл алдыңыз?

 

- Президенттик жарышка ырас, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин КСДП партиясы алып чыккан. Жалпы электорат Сооронбай Жээнбековдун буга чейинки элге кылган эмгектерин, мурда-кийин жаман иштерге аралашпай түз жүргөнүн, келечектеги программасын жактырган үчүн колдоого алып, президенттик тактыга олтурду. Бүгүн да жалпы эл, шайлоодо С.Жээнбековду колдогон саясий күчтөр, жеке инсандар президенттин баштаган реформаларын, кадамдарын колдоп жатканын белгилеп коюшубуз керек. Бирок, шайланып, тактыга олтурганына эми гана 100 күн болгон президентти минтип сынга алып чыкканын туура эмес көрүнүш. Албетте, сын-пикир болушу керек, бул иштин алдыга жылышына түрткү болот. Анткен менен, сын да конструктивдүү болсо жакшы да. Эгерде белгилүү бир убакыт өтүп, президент калыстыктан тайып, реформалар жүрбөй, элдин талаптары чечилбей жатса сындай баштаса, түшүнсө болот эле. Президентти КСДП партиясы алып чыккан менен, аны жалпы эл шайлаган. Демек, ал жалпы баарыбыздын президентибиз. Журт атасы болушу керек. Ошого карабай эле, “биздин партиядан чыкты, биздин кадрлар гана иштеши керек”,- деген дооматтарды коюп жатышканы өтө ашкере аракет. Сооронбай Шарипович азыр баарына кылдат карап, бир саясий топтун эмес, жалпы элдин мүдөөсүн ишке ашырууга аракет жасоодо. Мына, “шайлоодо мени колдогон жок, башка талапкерге иштеди, мага каршы чыкты деп куугунтукка алуу туура эмес”,- деген сөздү айтты. Бул жалпы журт атасына татыктуу кеп.

 

- Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрлары саналган Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев ж.б. кызматтан кетти. Коомчулук муну Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы пикир келишпестиктин жыйынтыгы катары кабылдоодо. Сиздин оюнуз кандай?

 

- Жаңы шайланган президенттин Коопсуздук кеңешинде укук коргоо, коопсуздук органдарынын, сот системасынын дарегине карата айткан сын-пикири жалпы элдин колдоосуна татыды. Анткени, күч органдары, соттордун карапайым элди эзип келе жатканы чындык. Адилеттүүлүккө, акыйкаттуулукка жетпей арада канчалаган тагдырлар талкаланып кетти. Бул жагдайды- жалпы элдин кайгысы катары мүнөздөсөк туура болот. Тилекке каршы, акыркы жылдары бул жатта таптакыр жылыш болбой койду. Ошондуктан, биринчи жолу ажонун оозунан акыйкаттуу сөз чыкканын башынан нечен азап-тозокту өткөзгөн карапайым адамдары сүйүнүп кабыл алышты. Мындай кырдаалдын жаралышына кандайдыр бир деңгээлде сиз сөз кылып жаткан жетекчилердин да салымы бар. Ошондуктан, алардын жоопкерчилиги каралып, кызматтан кеткенин туура деп эсептейм.

 

- Коомчулук бүгүн кызматынан алынган Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеваны өлкөдөн чыгарбай, качырбай, жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатат. Бул туура сунушпу?

 

- Атамбаевдин тушундагы мыйзамсыз иш-аракеттер Индира Жолдубаева менен Абдил Сегизбаевге чейин эле башталган. Аны эмнеге айтпай жатабыз? “Көч башынан...” дегендей, мыйзамсыз кылмыш иштерин козгоо, саясий куугунтуктар 2010-жылы эле “Ата-Журт” партиясынын 16 белдүү мүчөлөрүнө иш козголгондо башталган. Ошондогу башпрокурор Аида Салянова Конституцияны, мыйзамдарды тебелеп баштаганда эле коомчулук ойгонушу керек болчу. Кийинки саясий өңүттөгү жасалма иш ачуу менен оппоненттерден жолду тазалоолор ошол 2012-жылы башталган мыйзамсыздыктын туундусу, уландысы. Эгерде башынан коомчулук тикеден тике саясий куугунтуктарга каршы турса, ал тереңдеп кетмек эмес. Ошондуктан, саясий куугунтуктун негизинде камалып кеткен саяатчылардын ишин кароо үчүн түзүлө турган депутаттык комиссия баарын башынан карап чыгышы кажет. “Качырбай кармап калыш керек”,- деген талапты аткарыш үчүн адегенде алардын айыбы айтылып, кылмыш иш ачылышы керек. Түшүнөм, мунун баары эмоционалдык билдирүүлөр. Бирок, баары мыйзам негизинде гана болушу керек. Мыйзам үстөмдүгү орносо гана, коом тазарат, адилетсиз иш-аракеттер токтойт.

 

- Сиз: “менин үстүмөн мыйзамсыз козгогон кылмыш иштери үчүн Аида Салянованын үстүнөн прокуратурага арыз жазам”- деп айткан элеңиз. Ошол оюңуздан кайттыңызбы?

 

- Мен бул оюмдан эч качан кайтпайм! Көпчүлүк элдин катарында менин да жаңы шайланган президенттин иш-аракеттерине үмүтүм чоң. Азыр бизде мыйзамдуулукту калыбына келтирүү процесси башталды. Акыры мыйзам үстөмдүүлүгү орношуна чоң үмүт менен карайм. Эгерде чын эле мыйзам үстөмдүгү орноп, элдин жазган арыздары мыйзамдуулуктун чегинде караларына көзүм жетсе, ошондо прокуратурага арызымды өткөзөм.

 

- Айрым маалыматтарга караганда, Алмазбек Атамбаев кечээ жакында Кытайга барып, Си Цзиньпин менен жолукканда, улуу кошунабыз берип жаткан кредиттеринин кайтарымын сураптыр. Кытай кредитинин коркунучун бүт дүйнө билет. Биздин жагдай анда кантет?

 

- Туура, Кытайдан кредит албаган мамлекет жок болсо керек. Бирок, алар да ар кандай шарты менен берет. Бизге кандай шарт менен беришкенин бийликте олтургандар эле билбесе, азыр эч нерсе айта албайбыз. Атамбаев Кытайга эл аралык форумдун алкагында барды. Ошондуктан, “Кытай лидери андан кредитти кайтарууну талап кылды”- дегени ушак сөзгө окшошуп турат. Атамбаевден сурагыдай бүгүн ал ким? Президент эмес, өкмөттү жетектебейт. Расмий келишимде кредитти кайтаруу убактысы так жазылат. Төлөм кечиктирилсе, алар расмий түрдө президентке, өкмөткө кайрылып, маселе чечилет. Ошон үчүн Атамбаевден кредитти качан кайтарарын сураганы жөн эле катардагы ушак сөз да. Чынында, Кытайдан Атамбаевдин тушунда кредит көп алынганы чындык. А бирок, аны кайтаруу мамлекет аралык келишим аркылуу жөнгө салынат. Ошол кредиттер канчалык деңгээлде эффективдүү жумшалды, канчасын сугалак жетекчилер жеп кеткени – башка маселе. ТЭЦ чырында кытайлык компаниянын кредити да катуу сөз болду го. Мунун баарын сөзсүз иликтеп, күнөөлүүлөрдү, кытайдан келип жаткан көп сандаган кредиттерди “распил” кылгандарды кылмыш жоопкерчилигине сөзсүз тартуу керек!

 

- Учурда Сапар Исаковдун өкмөтүнүн отчету Жогорку Кеңеште карала баштады. Ушул өкмөттүн ишмердүүлүгүнө сиз кандай баа берет элеңиз?

 

- Сапар Исаковдун өкмөт башына келгенине толук бир жыл боло элек. Кандай иш болбосун, бүтүп, анан ага баа бересиң да, туурабы? Мисалы, үй курдурсаңыз, ал бүткөндөн кийин сапатына баа бере аласыз. Ошол сынары эле, Сапар Исаков кандай иштеди, толук бир жыл өткөндөн кийин гана колубузга цифраларды алып, баа бере алабыз. А ага чейинки убакыт боюнча, мурунку өкмөттүн ишине парламент баа бериши керек.

 

- Учурда Сооронбай Жээнбековдун кадрдык жүрүштөрү сынга алынып, “жалаң түштүктүн кадрларын алып келүүдө, Бакиев заманын тирилткиси келип жатабы?”- дешүүдө. Президент келгенден бери 10 кадр дайындалса, 9у туштүктөн экенин кайсы бир басылма санап да ийди. Кадр маселеси боюнча ажого коюлуп жаткан дооматтар туурабы?

 

- Мен ар дайым элди түндүк-түштүккө бөлүп сүйлөгөн, жазган адамдарга каршымын! Деги эле кадр саясатында “аймактык балансты сакташ керек!”- дегендин өзү туура эмес. Биз кадрларды иш тажрыйбасына, кандай адис экендигине карап гана тандаганды үйрөнсөк, жылыш болот. Себеби, ким, кайсы кадр болбосун, ал асмандан түшкөн жок, өзүбүздүн эле кыргыздын уулу да. Сооронбай Жээнбековдун тушунда өзүнүн компетенциясына кирген бирин-серин гана кадр дайындалды. Мен бөлгөндү жаман көрөм, бирок уулуу кеп таркаткандарга жооп иретинде айтсак, аппарат жетекчиси алмашты – ал Нарындын кулуну. УКМКнын антикоррупциялык кызматына иш билги, өмүр бою ушул тармакта иштеген адамды алып келди. Медикти же ветврачты койгон жок, профессионал адисти койду. Президент мындай курулай жалаа жаап, дооматын арткандарга көңүл бурбашы керек. Эң негизгиси, кесипкөй адамды алып келип, ал адам жыйынтык көрсөтсө, эл кай жерден экенин сурабайт, рахматын гана айтат.

 

- Бекболот Талгарбеков көлөмдүү макала жазып, аны – “Атамбаев Кыргызстанга миң жылда бир келген кырсык!”- деп атаган. Экс-президент 6 жылдык ишмердүүлүгүндө Кыргызстанга кандай кесепеттерди алып келди, айта аласызбы?

 

- Мен өзүм да жетекчилик кызматтарда иштеген адаммын. Ошондуктан, башымдан көп нерселер өткөн, жашырбайм. Билишимче, ким болбосун, президентпи же министрби, анын ишине кеткенден кийин баа бериле баштайт. Ошол сыңары, Атамбаевге эми баа берилип жатат, бул эки-үч күндүк жумуш эмес. Дагы эки-үч жылда туура картинаны көрө алабыз десем жаңылышпайм. Бирок, так жана ачык айтыла турган нерселер – 6 жылдын ичинде Атамбаев укук коргоо, улуттук коопсуздук органдарын өзүнүн менчигиндей пайдаланды. Сот тармагында реформа жүргөн жок, ал бийликке толук көз каранды болуп, өйдөдөн түшкөн буйрукту гана аткарып калды. Телефондук укук менен көп нерселер чечилип жатты. Кимдир бирөөлөрдөн өч алышты, башкасын куугунтукташты. Мына булар – айныгыс факт.

 

- Учурда саясий өңүттө камакта олтургандардын маселеси көтөрүлүп жатат. Бектур Асанов баштаган топ, Бекболот Талгарбековдун “элдик парламентчилери”, Канат Исаев, Садыр Жапаров, Текебаев баштаган “ата-мекенчилер” азыр камакта. Ушулардын ичинен кайсы топтун иши чын эле саясий куугунтук? Кимисин биринчи кезекте чыгарыш керек?

 

- Мунун баары саясий буйрутма, бийликтин куугунтугу. Телефон менен сүйлөшкөндүгү же элдин алдына чыгып сүйлөгөндүгү үчүн камакка алуу – туура эмес. “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен соттоп жатышат. Бул беренени колдонуу үчүн мыйзамда каралган аракеттер жасалышы керек да, алар эмне: курал-жарактар даярдалдыбы, кайсы бир мамлекеттик мекемени басып алдыбы же мыйзамга баш ийбөөчүлүк фактысы болдубу? Жок. Телефон менен сиз экөөбүз эмнелерди гана сүйлөшпөйбүз. Чай үстүндө кандай ачуу чындыктар айтылат. Ошон үчүн эле камай беришсе, анда эркиндикте бир да адам калбашы керек го?! Мыйзамды бурмалап жүрүп ушундай абсурдка элди такашты.

 

Менин өз башымдан эле өткөзгөн окуямды айтайын мисал үчүн. Биринчиси, жалпы парламент кабыл алган чечим үчүн жалгыз Келдибековду күнөөлүү кылышты. Парламент кандай чечим кабыл алат өз иши, ага төрага кол коюуга милдеттүү. Бул чечимден бир тыйын мамлекетке зыян болгон жок. “Депутаттын статусу” жөнүндө мыйзамда эл өкүлү “көтөргөн сунушу же сүйлөгөн сөзү үчүн жооп бербейт”- деп жазылып турса, ага карабай камашты.

 

Экинчиси, Салык инспекциясында иштеп жүргөндө өткөн айга салыштырмалуу кийинки айда салык аз түшкөндүгүн бетке тутуп, айып тагышты. Салык статистикасына өткөн жылдагы айга салыштырмалуу айтылат. Бир айда мурункусуна караганда 2 млн сом аз түшүптүр, а бирок, жыл жыйынтыгы боюнча өсүш 139 пайыз болгонун кайда жашырабыз? Мына, бюджеттен түздөн-түз уурдаган адамдар ээн-эркин жүрүшөт, алардын фонунда “өткөн айга салыштырмалуу кийинки айда аз салык түштү”- деп айтып, камоо – абсурд эмеспи... Мунун баары мыйзам иштебегендиги, бийликтин карасанатайлыгы болуп эсептелет. Акыркы башталган өзгөрүүлөр менин жандүйнөмдү сүйүнттү, анткени, мыйзам үстөмдүүлүгү орносо, ошол эле Ташиев, Түлеев, Осмоновдордун иштерин кайра караттырууга мүмкүнчүлүк жаралат. Мындай билип туруп мыйзамсыздыкка баргандар эртедир-кеч жазасын алат, качып эле кетишпесе!

 

- Сиздин персонаныз коомчулукта көп талкууга алынат. Мисалы, “Азия Ньюс” гезити кечээ сизди: “Алайдан чыккан Данияр Абдыкаров деген жигитибиз ИИМдин орун басары болуп отурат, эми министр кылабыз!”- деп айтып алып, Молдомуса Конгантиевден катуу кагуу жегениңизди сөз кылып, “Ахматтын аңкоолугуна отургандар нааразы болушуп, күңкүлдөгөн маанайда тарап кетишиптир...”- деп жазыптыр. Мындан тышкары, сөөк жеп олтурган видеоңуз боюнча терс пикирлер көп айтылды...

 

- Чынын айтканда, “Азия Ньюс” гезитин чыгарган Асланбек Сартбаев деген жигит менден мурда да катуу эскертүү алган. Ар дайым мени негизсиз каралап, анан ачуум келгенде кечирим сурап, кутулуп көнүп алыптыр. Болбой калганда жакын саясатчы акелерин ортого салат. Бирок, бул жолу мен аны кечире албаймын. Мени аңкоо кылып жатса, кантип кайра аны менен сүйлөшөм. Ал мурда эркекче колун берип, “экинчи сизди жамандабайм”- деген болчу. Сөзүндө тура алган жок, ал ким анда! Молдомуса Конгантиев экөөбүз жакшы мамиледеги ага-инибиз. Андан эч качан кагуу жеген эмесмин, жебеймин да. Анан ортобузга от чачып, мени аңкоо кылганыгы – Асландын жогорку деңгээлдеги ушакчы экендигинен кабар берет.

 

Албетте, саясатчы болгондон кийин, этият болуш керек, коомчулуктун назарындасын да. Сөөк жеп олтурган видеону мени көрө албаган адамдар чыгарып жибериптир. Мен аны алардын абийирине койдум. Бирок, ошол кафеге бүгүн жүздөгөн кыргыздар барып, ошол сөөктү жеп жатышат. Анын кожоюну мага чалып, “мен мындай рекламаны көргөн эмесмин”- деп ыраазычылык айтып олтурат. Бир четинен күлкү. Бирок, ал сөөктү башкалар да жеп жатат да. Анан сиздин эмне жегениңиз менен менин эмне ишим бар? Мунун кандай терс жагы бар, түшүнбөйм? Эптеп эле Ахматты жаман көрсөтүү аракети, алардын абийирине коём. Кудай тараза.

 

- “Ата-Журт” партиясы, сиз, Камчыбек Ташиев президенттик шайлоодо Жээнбековду колдодуңуздар. Ошону эске алып, айрымдар, “качан кызмат алышат” деп жүрөт. Партияда элдин керегине жарай турган татыктуу адамдар көп. Анда эмнеге бул бийлик да сиздерди өгөйлөйт?

 

- “Өгөйлөп жатат” деген туура эмес. Мен Сооронбай Шарипович менен шайлоо алдында, андан кийин да эч  жолуккан эмесмин. Анын талапкерлигин өз көз карашым менен колдодум. Эч качан “мага кызмат бер”- деген соодалашуу жүргүзгөн эмесмин. Камчыбек Кыдыршаевич да эл алдында, кызмат сурабай эле колдоп чыкканын айткан. Биздин ал кишини колдоп жатканыбызга ичи тарыгандар да жок эмес. Анткени, биз саясатта ордубузду, жолубузду тапканбыз, электроратыбыз бар, колдообуз аз да болсо күч берет. Ошондуктан, ортобузга жик салууну каалаган көралбастар ар кандай ушактарды чыгарышууда. Ушактарга терикпей дагы, көңүл да бурбай, ишти алып кете берүү керек. Жасаган ишиң, анын жыйынтыгы менен эл өзү баарын баалап, таразалап алат. 

 

(Уландысы бар)

 

Маектешкен Нургазы Анаркулов

Булак: “Майдан.kg” гезити