– Рыскелди мырза, кечээ мурдагы президент Ал-мазбек Атамбаев менен парламенттеги СДПК партиясынын депутаттарынын жолугушуусу өттү. Жолугушууда кандай маселелер талкууланды? Негизгиси жолугушуу кандай өттү?

-Болуп өткөн жолугушуу партия лидери менен фракция мүчөлөрүнүн катардагы эле жумушчу жолугушуусу болду. Партия лидери Алмаз Шаршенович адегенде Кытайга барып келген иш сапары боюнча айтып берди. Андан соң, СДПК партиясынын мындан аркы багыты кандай болоору тууралуу сөз кылды. Саясий кеңештин курамы өзгөрөөрүн, саясий кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо керектигин айтты. Анан албетте, коомдо болуп жаткан учурдагы ачуу чындыктар айтылды. Алмаз Шаршенович биз айткан ачуу чындыктардын баарын чыдап укту. Жалпысынан жолугушуу жакшы маанайда өттү. Эки тарап үчүн тец жолугушуу жакшы болду десем жацылышпайм. Жолугушуунун соңунда экс-президент мындан ары мындай жолугушууну бат-бат өткөрүп туруу керек экенин билдирди. Чынында экс-президент президент болуп турганда мындай жолугушуу болгон эмес да. Ал учурдан бери фракцияда, жалпы эле партияда коп өзгөрүүлөр болду. Эми ошонун баары бир нукка түшүп, партиянын иши алга жылуу кажет.

-Жыйында экс-президент менен азыркы президенттин мамилеси, куч органдарындагы акыркы саясий кадр алмашуулар, мисалы башкы прокурор менен УКМКнын башчысынын кызматтан алынышы боюнча маселе козголдубу?

-Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан алынышы тууралуу да айтты. Ал Жогорку Кеңешке барса болмок же барбаса да арызын жазып берсе бол-мок” деген пикирин билдирди. Ошондой эле учурдагы президентин кадр саясаты боюнча капачылыктары бар экенин жашырган жок. “Биз деле учурунда сиз даярдаган кадрларга капа болуп келгенбиз деп пикирибизди ортого салдык. Негизинен жолугушууда ачык баарлашуу болду. Ачуу чындык арбын айтылды.

– Жыйынга КСДПнын канча депутаты катышты?

-Жыйынга партиянын 19 депутаты катышты. Калгандары жүйөлүү себептер менен келе алышкан жок. Айрымдары чет өлкөдө болсо, кээ бирөөлөрү аймактарда жүрүшүптүр.

-Сиздер жыйында отурган маалда премьер-министр Сапар Исаков Экономикалык кылмыштарга карты кызматынын төрагалыгына УКМКнын мурдагы орун басары, жакында эле кызматынан алынган КСДП партиясынын мүчөсү Болот Сүйүнбаевди дайындады. Бу боюнча пикириңиз кандай?

-Болот Тураровичти колдоп келгем жана колдой берем. Анын кайсы бир саясаттан калпыстык кетиргенин уга элекмин. Учурунда Алмаз Шаршеновичтин жансакчысы болгон. КСДП партиясына жакшы кызмат отогон. Жооптуу жана кооптуу иштерде тикесинен-тик турган. Азыркы президентибиз Сооронбай Шарипович дагы анын КСДПдагы эмгегин жакшы билет. Болот Сүйүнбаевди аталган кызматка Сапар Жумакадырович өзү эле чечип дайындап койгон жок, албетте, өкмөт башчы президент менен макулдашып чечилген кадрдык жүрүш болсо керек деп ойлойм.

Булак: “Фабула”