Жогорку Кеңеште, эл арасында эң көп сын уккан саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кызматынан айрылганы калды. Эл өкүлдөрү министрди кызматтан алуу маселесин кабыргасынан коюп, ээрден шыпырууну талап кылып жатышат. Бул министрдин кылыктары менен былыктарын КСДПнын депутаттары экс-президент менен жолугушканда даты көтөрүшүптүр. Ал жерде Фарид Ниязовдун «Атамбаев тийбегиле деп айтты» – деп экс-президенттин атын сатып калкалап келгени ачык айтылыптыр. Атамбаев андайды айтпаганын билдирип, Фарид кирээрге тешик таппай, бир кызарып, бир бозоруптур.

Булак: “Фабула”