Жогорку Кеңеште «Өнүгүү — Прогресс», «Республика – Ата Журт», «Ата Мекен» фракцияларынын биргелешкен кезексиз отуруму болуп өттү. Анда депутаттар өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчётун угушту.

 

Жыйын учурунда, депутаттар тарабынан өлкөдөгү актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлүп, бул маселелерге өкмөт башчы Сапар Исаков жана өкмөттүн мүчөлөрү жооп беришти.

 

Алардын маанилүүлөрү Кумтөр маселеси, Ош базардагы өрт кырсыгы, Тогуз-Тородогу окуя, ЖЭБдеги кырсык жана башкалар болду.

 

Жыйындын аягында фракция лидерлери өкмөттүн ишин канаатандыраарлык эмес деп тааныды.