Бишкек мэри Албек Ибраимов өзүн өтө акылдуу сезет экен, аттиӊ. Башка мэрлер учурунда кандай көйгөйлөр жаралганын санабайлы, Албек мырзанын учурунда эмне деген уу-дууларга ууланып атканыбызды айтуунун өзү акыйкаттык таразасы болуп туру.

 

Маселен, бишкектиктерди эле тургай, жалпы кыргызстандыктардын бир тобун багып жаткан Ош базарында үчүнчү ирет өрт кырсыгы катталды.  Бишкек мэри Албек Ибраимов дале былк этпейт. Жүйөөсү базарды башка жакка көчүрүү керектен ашып өтө албады. Базар башка жакка көчсө эле элдер жыргап, Бишкек “өх-х” дейби? Бул жерде кызылдай соода жана акча гана башкы себеп болуп турганы баарыга маалым.

 

Дагы бирине токтололу, кыштын кыраан чилдесинде жаңыдан гана модернизацияланган Бишкек ТЭЦи кырсыктап, натыйжада шаардыктар он чакты күн бою суукта тоңуп жатышты. Мектептер иштебей, окуучулар али да каникулдун “карыздарынан” кутула албай келишет ТЭЦтин 600 доллардан турган кычкачы эскирип да бара жатат.

 

Ал ортодо  жазды утурлап шаарды көрктөндүрүү үчүн Бишкек мэриясы бир көчөттү 9 миң сомго сатып алышканы билинди. Өсүмдүктөрдү өстүрүүчү чарбанын кызматкерлери мэрия ушул эле көчөттөрдү Бишкектен ондогон эсе арзан эле тапса болмоктугун айтышууда. Фактыга келели, жашылдандыруу жаатында бак-дарактардын 6 түрүнүн көчөттөрү сатылып алынган. Алар – майда жалбырактуу липа, зараң, каштан, чынар терек, декоративдик алма багы, четин. Булардын акыркы экөө 4850 сомдон, ал эми калганы 9090 сомдон сатылып алынган экен.

 

Ал эми Европадан көчөт алып келүүдө негизинен эң кымбат көчөт 1000 сомдон гана  сатылып алынаарын адистер айтууда. Деги Албек тоёбу? Же ал тойгуча Кыргызстан, өзгөчө Бишкек итке минип олтуруп береби?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити