Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кытайлардын «Джи Эл Макмал Девелопинг» алтын өндүрүүчү фабрикасын жергиликтүү тургундар өрттөп салышты. Буга дейре эл алтын чайкоочу комбинаттын жабылышын талап кылып келишкен. Бирок комбинаттын ээлери эл менен эсеп-тешпей, өзүм билемдик менен курулуш иштерин токтотпой жүргүзө беришкендиктен, жергиликтүү калк аргасыз ушундай кадамга барышкан. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Эми дал эле ушундай окуя Кара-Балтадагы кытайлардын нефти иштеткен «Жунда» заводунун башына түшүшү мүмкүн деген коңгуроо кагылды. Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков заводдун ишмердүүлүгү жергиликтүү элди нааразы кылып жатканын айтып, коюлган талаптарга көңүл бурулбай, өзүм билемдик улана берсе Тогуз-Тородогу окуя кайталанышы мүмкүн дегенди парламент жыйыныңда көтөрдү. Депутат чындап эл деп айтып жатабы же жеке кызыкчылыгын элге жамынып ишке ашырууну көздөп жатабы, айтор заводдун ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу зарылдыгына басым койду.

 

 

Булак: “Фабула”