Парламенттеги оппозициячыл үч фракцияга отчет берип жатып, Бакыт Төрөбаев менен кайым айтыша кетти.

 

Төрөбаев өкмөт башчынын Тогуз-Тородогу башаламандык боюнча айткандарына: “Сиз Тогуз-Тородогу окуянын артында саясатчылар турарын, бирок толук маалымат кийинчерээк айтыларын айттыңыз. Азыр кесиптештерим бажы боюнча суроолорду берип жатышат, бул тууралуу да кийин маалымат берилерин айтып жатасыз. Маалыматтарыңыз болсо, айтыңыз, биз да билели”, — деди Төрөбаев.

 

Өз кезегинде өкмөт башчы кандай маалымат болсо да качан жарыялай турганын өзү билерин айтты. 

 

Эскерте кетсек, буга чейин Исаков Тогуз-Тородогу окуянын артында бир саясатчы тураарын айткан эле.